Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат.
Бул күнгө карата өлкөнүн облус жана райондорунда салтанат уюштурулду. Башкы майрам Бишкектеги Ала-Тоо аянтында саат 10до башталды.
Ага президент Cооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, элди куттукташты.
1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.