Домой Саясат Болот Темировдун сабалышы боюнча Матраимовдор жооп берди

Болот Темировдун сабалышы боюнча Матраимовдор жооп берди

103

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун сабалышы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов үн катты.

“Эгер, журналисттин сабалышы — анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы — мыйзамга каршы аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл», — деп жазган Искендер Матраимов.

Буга чейин Болот Темиров «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдоп жатканын кошумчалаган.