Домой Саясат Бишкекте митингдерге убактылуу тыюу салынды

Бишкекте митингдерге убактылуу тыюу салынды

75
Бүгүн, 5-мартта Биринчи май райондук соту Бишкек мэриясы сунуштаган митингдерге тыюу салуу маселесин карады.

Отурумдун жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриянын өкүлдөрү мындай сунуш коронавируска жана 2-мартта болуп өткөн митингге байланыштуу экенин белгилештти. Доочулар митингдерди 1-июлга чейин тоюу салууну суранышты.

“Шанс” кризистик бордордун өкүлү өз кезегинде 8-марттагы феминисттердин жөө жүрүшү аялдардын жана балдардын укугун коргоодо зарыл экенин белгилеген.

Судья Зарема Бейшеева митинг жана тынчтык акциялары 1-июлга чейин өткөрүлбөйт деген чечим чыгарды.

Булак: «KyrgyzToday»