Домой Коом Биринчи орунга 100 миң сом. Ош шаарынын стилин түзүүгө сынак жарыяланды

Биринчи орунга 100 миң сом. Ош шаарынын стилин түзүүгө сынак жарыяланды

30
Ош шаарынын мэриясы калаанын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн «Ош — Silk Road Provider» деп аталган сынак жарыялады. Шаар башчысы Алмаз Мамбетов видео кайрылуу жолдоп, эн тамга туристерди тартууга салым кошорун белгиледи.

Анын айтымында, сентябрь айында өткөн регионалдык туристтик форумда эл аралык эксперттер Ош шаарын «Улуу Жибек Жолунун негизги туристтик провайдери» катары таанышкан.

Сынактын шарттары төмөндөгүдөй:
  • Сынакка Кыргызстандын резиденттери жана резиденттери болбогон юридикалык жана жеке жактар катышууга укуктуу;
  • Жашы чектелбейт;
  • Даяр болгон иштерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 1-ноябрь, саат:18-00гө чейин;
  • Визуалдаштыруу сынагына катышуу үчүн жиберилген иштер JPEG форматында болушу керек;
  • Oш брендин визуалдаштыруу боюнча сунуштар чексиз болушу мүмкүн. Сынактын бир нече катышуучулары бир эле эскиздерди жөнөткөн учурда жеңүүчү төмөндөгү электрондук дарекке келип түшкөн күнү жана убактысы боюнча аныкталат;
  • Техникалык тапшырманы алуу үчүн сиз толук аты-жөнүңүздү, байланыш телефондорун жана «Техникалык тапшырма» деген жазууну камтыган суроо-талапты e-mail: maksatchaki@mail.ru жөнөтүшүңүз керек;
  • Иштелип чыккан дизайн эскиздери толук аты-жөнү жана «Ош шаарынын бренди» белгиси менен e-mailге жөнөтүлүшү керек: maksatchaki@mail.ru;
  • Сынакка жөнөтүлгөн иштер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
  • Жеңүүчүлөрдүн иштери, алар менен автордук келишим түзүлгөндөн кийин, Ош шаарынын мэриясынын менчиги болуп калат;
  • Жеңүүчүлөр өз иштерин Комиссиянын талабы боюнча төмөнкү форматтарда тапшырышы керек: Corel Draw, JPEG, PDF;
  • Сынактын жеңүүчүлөрү —  биринчи орунга — 100 000 сом, ал эми экинчи орун үчүн 50 000 сом алат;
  • Конкурстун катышуучуларынан дизайн эскиздерин кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 1-ноябры, саат 18-00гө чейин;
  • Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2021 -жылдын 5 -ноябрына чейин жүргүзүлөт;
  • Сынактын шарттарына байланыштуу бардык суроолор боюнча, maksatchaki@mail.ru электрондук дарегине кайрылыңыз.