Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадилаев узакка созулган оорудан 44 жашында каза болду.
Эске сала кетсек, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.
Кайрымдуулук акциясынын алкагында калктан бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которогон.
Азиз Мурадилаев гепатиттин С түрүнө чалдыгып, 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экени айтылып, Азиз Мурадиллаев ошол кезде элден чогултулган акчанын калганын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.
Актер 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.
Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.
Учурда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп жаткан.




