Домой Коом Баш мыйзамдын тарыхый жолун биле жүрөлү

Баш мыйзамдын тарыхый жолун биле жүрөлү

5637

Конституция — бул мамлекеттин негизги мыйзамы, жарандардын негизги укуктары менен милдеттерин тизмелеп, өлкөдөгү мамлекеттик түзүлүштү аныктаган негизги эрежелердин жыйындысы.

Адам баласы жаралгандан бери эле кандайдыр бир эреже, каада-салттарды, нарк-насилдерди колдонуп ага баш ийип жашап келет. Мына ошол үрп-адаттарды пайдаланган башкаруучулар алардын негизинде мыйзамдарды иштеп чыгышкан.Тарыхка кайрыла турган болсок, эң алгачкы мыйзамдар жыйнагы Вавилон падышасы Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792-1750-жж.) тарабынан түзүлгөн. Мына ошол учурдан баштап ар бир мамлекет өзүнүн жашоо турмушуна жараша мыйзамдарды, Конституцияларды түзүп колдонууда. Кыргыз элинде мыйзам болбосо да, байыртан өзүнүн оозеки түзгөн каада-салттары, нарк-нускалары аркылуу жашап келишкен. Кийин Ормон хан элди башкаруу үчүн салттарга негизделген «Жооп Наама» мыйзам китебин жаздырганы тууралуу айтылып жүрөт.

Совет өкмөтү түзүлгөндөн баштап Кыргыз мамлекети конституциялык түзүлүшкө ээ болду. Алгач 1918-жылы октябрь айында Түркстан АССРи Советтеринин 6-съездинде республиканын социалдык-таптык негиздерин жана мамлекеттик түзүлүшүн бекиткен биринчи Конституциясын кабыл алган. Кыргыз эли Түркстан АССРинин курамында болгондуктан ушул мыйзамды колдонгон. 1924-жылы 14-октябрда кыргыздын Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Ыйманбай Орозалиев, Иманалы Айдарбеков, Баатыркан Мээрканов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу алдыңкы инсандарынын аракети менен РСФСРдын курамында Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлдү. 1924-жылы СССРдин Конституциясы, 1925-жылы РСФСРдын алгачкы Баш мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу, элибиз РСФСРдын Баш мыйзамын колдонууга өткөн.

1926-жылы 14-октябрда Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз АССРи кылып кайра түзүү боюнча облаткомдун комиссиясынын ичинен конституциялык даярдоо комиссиясы бөлүнгөн. Алар облсоттун төрагасы Л.Абербург, облпрокурор Я.Вельт, облаткомдун секретары К.Абрамов жана укук боюнча кеңешчи Лавровдор болушкан. Буларга 1-июлга чейин Конституциянын долбоорун даярдоо сунуш кылынган. Бирок, алар кечиктирип олтуруп 1926-жылдын күзүндө араң даяр кылышкан. Кыргыз АССРинин болочок Баш мыйзамынын долбоорунун 50 пайызын 1925-жылдагы РСФСРдын, 20 пайызга жакынын 1925-жылы чыккан Татар АССРинин Баш мыйзамынан алышкан. Кызыгы, бул Баш мыйзамдын долбоорунда орус, кыргыз, өзбек тилдери мамлекеттик тил катары киргизилген. 1926-жылы 2-октябрда Кыргыз автономиялуу облусун кайра түзүү боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны долбоорго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизет. «Негизги жободо» автономиялык түзүлүштөрдүн статусу аныкталбай калган. Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдын курамында болгондуктан автономиялуу республика улуттук мамлекет болобу же жокпу? — деген талаштуу маселе жаралган. Конституциялык топ билиминин, мыйзам чыгаруу тажрыйбасынын жоктугуна карабай, ар кыл көз караштагы мыйзамдын бир канча варианттарын түзүшкөн. 1926-жылы 5-декабрда Кыргыз автономиялуу облусун (КАО) кайра түзүү боюнча комиссиясы талаш-тартыш менен жалпысынан Конституциянын бир долбоорун кубатташкан. Аны 16-ноябрда Кыргыз облустук компартиясынын Аткаруу бюросу, 19-октябрда облаткомдун Президиуму бекитти. 2-декабрда өткөрүлгөн облаткомдун 5-пленуму долбоорду жактырып, 1927-жылы 7-12-мартта өтүүчү Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине жолдонгон. Бирок, белгисиз себептерден улам каралбай калган. Аталган Баш мыйзамдын кабыл алынбаганынын бир себеби, анын жеткире иштелбегенинде болсо керек. Анда болгону 60 статья болгон. Ал эми башка республикалардын Конституциялары 90-100 статьядан турган. Съездде РСФСРдын курамында Кыргыз АССРи түзүлүп, бирок Баш мыйзамды кабыл алуу кийинкиге калтырылып, аны оңдоо-түздөө иши токтободу. 1927-жылы12-декабрда Кыргыз БАКтын Президиуму курамында Манкиров, К.Абрамов, республиканын Ички иштер комиссары И.Жоломанов турган жаңы конституциялык комиссиясын түзүп, ага кийин КырБактын жаңы секретары А.Зубов тартылган. Конституциянын долбоорун Кыргыз АССРинин 1929-жылы апрелде өтүүчү 2-съездине даярдоо тапшырмасы берилди. Жалпысынан алганда дагы үч түрдөгү долбоор түзүлдү. 1929-жылы 19-февралда партиянын обкомунун Аткаруу бюросу анын тандалган бир долбоорун жактырып КырБАКка жиберет. Конституциянын мурдагы долбоорунун 2-статьясында: «Кыргыз АССРи улуттук автономиялуу республика — жумушчулар менен дыйкандардын эмгекчилеринин мамлекети болуп саналат» — делсе, жаңысында, «эмгекчилеринин» жана «улуттук» деген сөздөр алынып салынган. Себеби, Кыргыз АССРи эми көп улуттуу республика болуп калган. Долбоор 16-апрелде адегенде Аткаруу бюросу, 16-апрелде Кыргыз БАКтын 1-чакырылышынын 5-сессиясы жактырып, 2-съездге сунуш кылышат. 1929-жылы 25-апрелде 2-съездде Кыргыз Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков жетектеген 47 делегаттан турган конституциялык комиссия түзүлөт. Алар делагаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен 15ке жакын оңдоолорду киргизишти, 30-апрелде съезд Кыргыз АССРинин 7 бөлүмдөн, 16 главадан жана 97 статьядан турган Конституциянын долбоорун жактырган. Съездге 220 делегат катышкан. Ошол эле жылы 1-июлда Кыргыз БАКтын жаңы Президиуму Конституциянын жаңы текстин анча-мынча оңдоолор менен кабыл алган. Ошентип 1929-жыл 30-апрелде республикабыздын алгачкы Конституциясы кабыл алынып, анда кыргыз, орус тили мамлекеттик тил деп жарыяланган. Советтердин съезди, съезддер аралыгында республиканын Борбордук Аткаруу комитети жогорку башкаруу органы болуп калган. Совет бийлигиндеги өзгөрүүлөр Конституцияда жазылгандыктан, өлкөдөгү өнүгүү 1924-жылда кабыл алынган СССРдин мыйзамы, 1929-жылдагы Кыргыз АССРинин Конституциясы эскирип, тарыхый мезгилге туура келбей калды. Ошого байланыштуу 1936-жылы 5-декабрда СССРдин экинчи Конституциясы кабыл алынып, Кыргыз АССРи, Кыргыз ССРине айланып, СССРдин курамындагы тең укуктуу өлкө катары эсептелген. 1937-жылы 23-мартта Кыргыздардын чукул чакырылган 5-съезди Кыргыз ССРинин Конституциясын бекитти. Конституцияда, «Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы” болуп саналган. Социалисттик курулуштун чарбалык-уюштуруу, маданий тарбиялоо иштерин чечүүдө эл комиссариаттарына кеңири укук берилген. Кийин 1978-жылы 20-апрелде Кыргыз ССР Советинин тогузунчу шайланган кезексиз сегизинчи сессиясы Кыргыз ССРинин Конституциясын (Негизги Мыйзамын) кабыл алышкан. Конституцияда республиканын тарыхый жактан өзгөчөлүктөрү, улуттук мамлекеттик түзүлүшүнүн тажрыйбасы чагылдырылган. Бул Конституция КПССтин жеке бийлигин мыйзамдаштырган. Ошентип алгачкы Конституция кабыл алынган 60 жыл ичинде эки жолу өзгөрүүгө учурады.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңеш тарабынан Баш мыйзам кабыл алынды. Ошол жылдан баштап Жогорку Совет, Жогорку Кеңеш деген атка ээ болгон. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда ага 4-жолу 1994-1996-1998-2003-жылы өзгөртүүлөр кирди. 2003-жылкы оңдолгон Конституция Акаевдин режимине нааразычылыкты пайда кылып, 2005-жылкы март революциясына алып келди. Ал эми Курманбек Бакиев башкарган жылдары кыска убакытта Баш мыйзамыбыз үч жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Өзгөчө, 2006-жылы 9-ноябрда «парламенттик», декабрда «президенттик» башкаруудагы Конституция кабыл алынып, оппозициянын нааразычылыгын пайда кылды. 2007-жылы Конституциялык сот жогорудагы эки Баш мыйзамды тең «Конституцияга туура келбейт» деп тапкан. 2007-жылдын 15-январында, кийин 2007-жылдын 23-октябрында референдум аркылуу Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, президенттин укуктарын көбөйткөн. Бул Баш мыйзам да элдин нааразычылыгын күчөтүп, акыры апрель революциясы менен аяктады. 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдум аркылуу өлкөбүздүн жаңы Баш мыйзамы кабыл алынып, парламенттик башкарууга өттүк. Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясы 1787-жылы кабыл алынып, ошондон бери 17 жолу өзгөртүү кирсе, Россия 1993-жылы референдум аркылуу кабыл алган Конституциясын өзгөртө элек. Эзелтен кыргыз элинде хандык бийлик болбогон себептүү, азыркы парламенттик башкаруу элибизге ылайыктуу.

Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ,
Кочкор району, Кара-Күнгөй айылы