Домой Маданият Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып ооруканага түштү

Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып ооруканага түштү

5468

Бүгүн, 26-июнда Бишкек шаарында эки жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

“Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри унаасы жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда”, – деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле жабыркагандардын арасында белгилүү ырчы Асель Кадырбекова бар экени айтылууда. Муну ырчынын кесиптештери тастыкташып, азыркы тапта ырчы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (№4-оорукана) экенин маалымдашты.