Домой Коом Алтынбек Жумагулов убактылуу «Каржы полициясынын» башчысы болду

Алтынбек Жумагулов убактылуу «Каржы полициясынын» башчысы болду

196

Ал буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өздүк курамына кирген

Бүгүн, 6-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (каржы полициясы) башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  Төрага Алтынбек Жумагулов болду.

Каржы полициясынын полковниги Жумагулов мансап офицери, узак убакыт бою Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын органдарында иштеген, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Дирекцияларынын биринин башчысы кызматын ээлеген.