АКШ Орусияны Украинага каршы үгүттөөдө деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Орусияны Украинага каршы үгүттөөдө деп айыптаган.
«Биз Кремлдин иш-аракеттери үчүн Украинаны жалган айыптоо үчүн иштелип чыккан орусиялык дезинформациялык өнөктүктү көрдүк», — деген Прайс. Ошондой эле Орусияны Украина менен чек арада аскердик потенциалды арттырып жатат деп айыптаган. Анын айтымында, АКШ Украинаны Орусиянын коркутуулары алдында колдой берет.
super.kg









