Домой Коом ИЗОЛЯЦИЯ

ИЗОЛЯЦИЯ

17

Европа Биримдиги Кыргызстанга жардам иретинде каражат бөлүүнү токтотту. Санариптештирүү үчүн каралган 6 млн. евро берилбей турган болду. 2021-жылдан 2027-жылга чейин кызматташуу программасы боюнча сүйлөшүү да токтотулду.

Буга чейин Россия ушундай чечим кабыл алган эле. Евразия фондунан 8 млрд. сом насыя жана бюджет үчүн жылда берилип келген 30 млн. доллар грант токтотулган. Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Москвага барып, эч нерсеге жетише албады. Тескерисинче “дипломатиялык чатак” чыгып, “кожоюндар кимдигин” дагы бир жолу мыктылап таанып келди (мына ошол учурда Казакпаевге абалды жөнгөрүп кетүүгө дипломатиялык ийкемдүүлүк, чеберчилик жетишпеди. Ошонун айынан Кыргызстанды да, өзүн да уят кылды. Казакпаевге кыргызча суроо берилгенде, абалды түшүндүрүп туруп, орусча жооп берип койсо эле, “кожоюндан” катуу кагуу жебейт эле, эл да басынбайт эле…).

Учурда кыргыз элчилери, дипломаттары жанталашып Батышты “жибитүүгө” аракет жасап жатат. Алар Бишкектеги элчилерди “чайга” чакырып, батыштын өзүндө жолугушууларга умтулуп, Кыргызстанда “кырдаал турукташты, баары жакшы болуп жатат” деп абалды түшүндүрүүгө абдан аракеттенип жатышат. Бирок натыйжа болбой жатканы айдан ачык.

Батыш да Россия сыяктуу эле республикада бийлик мыйзамдашсын деген талапты коюп жатат. Бул деген мыйзам белгилеген мөөнөттө парламенттик шайлоо өтсүн, шайлоодон кийин өкмөт түзүлсүн деген талап.

Жакын кошуна мамлекеттер- Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, Кытай бир үн ката элек.

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев болсо парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып салышкан. Анын качан, кандай тартипте өтөрү да белгисиз.

Өкмөттөгү айрым булактар абал мына ушундай улана берсе (келе турган каражаттар келбесе) анда жакынкы айларда жөлөк пул, айлык акы, пенсия төлөө жагынан кыйынчылык жараларын чочулай айтып жатышат.

Бийликтеги папка талаштын кызыгына баткандар арзыбаган жөлөк пул, пенсияны күтүп отурган калктын аялуу катмарын ого бетер шорлотпосо экен…

Айданбек Акматов эркин журналист