Домой Коом Абакта жатып кылмыш уюштуруп. Ишкерлерден опузалап акча талап кылган топ кармалды. (сүрөт)

Абакта жатып кылмыш уюштуруп. Ишкерлерден опузалап акча талап кылган топ кармалды. (сүрөт)

111

Жалал-Абад облусунан ишкерлерди опузалап коркуткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБине 27 жаштагы ишкер ага кол салгандардан коргоп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүнү суранган. Криминалдык чөйрөгө тиешеси бар 33 жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдар опузалап акча талап кылгандыгын айткан.

Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, Кербен шаарынын аймагынан Аксы районунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. 11 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Алынган маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга жана ага катышкан делген 1986-жылы туулган Б.К. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.