Домой Коом Полковник Эрк Тажиев Кочкор РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды

Полковник Эрк Тажиев Кочкор РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды

134

Милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубекович Кочкор РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-январь күнү аны эмгек жамаатка Нарын ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев тааныштырды.

Э.Тажиев бул кызматка Абыкеев Азамат Зарлыковичтин ордуна келди. Ал УКМК тарабынан кармалган.

Мурда Э.Тажиев ИИМдин күзөт кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген.