Домой Кылмыш Москва — Ош каттамы боюнча учкан аялдын 600 миң рублин урдап алышкан

Москва — Ош каттамы боюнча учкан аялдын 600 миң рублин урдап алышкан

62

Орусиядагы Домодедово аба майданынан Москва-Ош катамы боюнча учкан аялдын 600 миң рублин уурдап алышкан. Бул туурасында Орусия Федерациясынын ИИМинин Борбордук федералдык округунун транспорт башкармалыгынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, чемодандын ээси Кыргызстанга учуп келгенден кийин акчасы жок экенин көрүп, дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Иликтөө иштеринин алкагында аэровокзалдын жумушчулары — перрондук тейлөө кызматынын агенттери (жүк жүктөгүчтөр) кармалган. Алар Москва облусунун 38 жана 40 жаштагы жашоочулары болуп чыккан.

«Аларды кармаган учурда акчанын бир бөлүгү табылып, ал эми бир бөлүгүн жок кылганга жетишкен. Россиянын Кылмыш кодексинин 158-беренесинин («Сүйлөшүп, топтошуп алып ири суммадагы акчаны уурдоо») негизинде иш козголду», — деп айтылат маалыматта.