Домой Маданият 5-март күнү улуттук кийимдердин парады өтөт

5-март күнү улуттук кийимдердин парады өтөт

121

Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнүнүн белгиленип жатканына 10 жыл болот. Ал эми өлкө эгемендүүлүк алганына быйыл туура 30 жылдын жүзү болууда.

Журналист Элнура Кулуева ушул эки маанилүү датаны утурлай, “Ала-Тоолук үмүт” аталышындагы видео сынак уюштуруп жатат.
Сынактын негизги максаты эгемендүүлүктү жана ак калпакты даңазалоо болуп саналат.
Сынакка катышам деген талапкерлерди каттоо аяктап, учурда алар видео материалдарын даярдап жаткан учуру.
Элнура Кулуеванын айтымында, видеолор 25-февралга чейин кабыл алынат. Ал эми жыйынтыгы калыстардын жардамы менен 5-март күнү чыгарылат. Баш байгеге автоунаа коюлган. Эң мыкты деп табылган 30 ролик Маданият министрлигине өткөрүлүп берилет. Ошол күнү “Ала-Тоо” аянтында улуттук кийимдердин парады өтөт.