Домой Коом 2022-жыл кимдерге өзгөчө ийгилик алып келет? Астрологдун божомолу

2022-жыл кимдерге өзгөчө ийгилик алып келет? Астрологдун божомолу

45
Кайсы зодиак белгисинин ээлерине 2022-жыл ийгиликтүү болорун РИА Новости агенттигине астролог Лилия Любимова айтып берди.
Анын пикиринде, бул жылы карьерадагы жетишкендиктерге өзгөчө көңүл буруу зарыл.
«Жолборс жылы адамдан абдан активдүүлүктү, максат кое билүү жана ага жетүүгө аракет кылууну талап кылат. Алдыдагы 12 ай карьерада бийиктиктерди багындырууну каалагандарга, өз бизнесин ачууну көздөгөндөргө ийгиликтүү болот», — деди Любимова.
Ошондой эле ал 2022-жыл балык, чаян жана бөйөн жылдыздарына оңоюраак болорун айтты. Андан тышкары, текечер жылдызын өзгөчө ийгиликтер күтүп турганын кошумчалады.
Ал эми бийкеч, жаачы жана эгиздер жылдыздарынын алдында туулгандарга башкалардан көбүрөөк аракет кылууга туура келет.