Тил жөнүндө мыйзамыбыз бар деп мактанбай калалы! Кадам ушул…

28.03.2016 | Аналитика

Кыргыз тилиОоба ушинтип, маанай сындырабыз. Ал мыйзамдын кабыл алынганына чейрек кылым  болду. Бирок, эч кандай майнап чыккан жери жок. Кези менен Өкмөттүн алдындагы тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов «тилге баланча каражат бөлүндү» деп мактана калганы болбосо, аталган маселеде жер карап тургандан башка айла жок. «Биз баланча деген иш-чараны өткөздүк, биз деген түкүнчө деген китептерди чыгардык, жарнактарды жасаттык ж.б.» деген курдүрмөт кептин  кенедей да кереги жок. Тилибиз деген керекке жарап турсун, тилибиз деген чоң-чоң чогулуштарда жаңырсын, тилибизди  орус тилдүү улуттар билгендей болсун, тилибизди өзүбүздүн балдар-кыздар суудай билсин! Мына ошондой абал келгенде гана көкүрөк какса болот, ал эми  тилибиздин азыркыдай бечера абалында «тигини жасадык эле, муну жасадык эле» деген кеп тантырак кеп, популисттиктин эле кылганы.

Момундай бир мамлекет үчүн өтө уят, аны менен бирге кыжырды кайнаткан, намысыңды алоолоткон бир жагдай бар: мамлекетибиздин борборундагы 95 мектептин 11 гана кыргыз тилиндеги мектептер экен! Кокуй муну өзүбектер укпасын, армяның менен грузиниң укпасын, ал эми прибалттар болсо, таптакыр укпасын! Чоң уят болобуз!

Элинин баскан жолу, маданияты, салт-санаасы, нечен бир Улуу сапаттары, анын ичинде ыйманы менен айкөлдүгү, баатырдыгы… баары-баары эне тил менен түшүндүрүлүп, укумдан тукумга уланып олтурат. Ушул жагдайдан алганда интеллигенциянын чордону аты бар борбор калаабыздагы кыргыз балдардын 80%ы орусча окуса, анан ошол «киргиздер» кыргыз улутуна дилин коюп береби же «сөөгү» кыргыз, «эти» орус болуп турмушун улайбы?! Мына ушундай коркунучтуу суроо бүтүндөй мамлекеттин алдына коюлуп, чечкиндүү кадамдарга барыш керек эле. Анткен эч ким жок. Ушуга таң калам да, мен окшогондор миңдеп саналат:  кыргыз тили мамлекеттик тил болгону мына 27 жылга кетти, мына ошол жылдардын аралыгында бир күндө бир сөздөн эле үйрөнүп олтурса, орусуң да, немисиң менен белорусуң да кыргызчаны суудай билип калмак. Жок, алар антпейт. Анткени, аларга биздин тилдин кажети жок,турмушка зарылдык мааниден куржалак. Анан дагы орус тилдүүлөрдүн көбү  биздин улутту адам катары деле санабайт, түндүк кимдики экендигин ойлоп да койбойт, аны эскертсең чуу салат дейсиң, биздин жетекчилер шымын булгап коюшу мүмкүн. Орус тилдүүлөр ушул абалга кайткыс көнгөн. Тилди үйрөнгүлө десең, шылдың катары  да кабыл алат, анан баягы айта жүргөн сөзүн айтат «улутчул» деп. Кана, айткылачы, мен кайсы жерден калп айттым, кайсы жерден орус тилдүүлөрдү бөлүп-жарып улутчул болуп  жатам? Андай маселе жок жана да жок!

Орус тилдүүлөр кыргызча үйрөнбөй койду деп капа болгонубуз — жөн гана бир кирди-чыкты кабак бузулгандык болор. Арман деген башка жерде, арман деген- шаарда өсүп жаткан балдарыбыздын кыргызча билбей жатышында! Кулов сыяктанып кыргыз тилинен далдырап турса, жакшы жосун болобу?!  Борборубузда мен деген кыргыздын тандалмалары жашайт, башка жерде деле бар дечи, бирок, негизги өзөк ушул борборубузда го.  Анан алардын балдарынын дээрлик көбү орус мектептерди бүтөт, демек, кыргыз маданиятынан, салт-санаасынан, тарыхынан билим-түшүнүгү кем болот. Анткен менен, алардын көбү келечегинде  кызматкер болуп иштешет, себеби, алардын аталары да кызматкер, бала-чакасын дурус кызматсыз калтырмакпы…  Анан ошол «чала кыргыз» кызматкерлер кыргыз элин жакшы жакка сүйрөй алабы? Буга оң жооп алуу чөлдөн суу издегендей болубатпайбы…

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: