Саясатчылар өткөндөн качан сабак алышат?

26.04.2018 | Саясат

1503295706_1463486007_sab_1822

Өгүнү 23-апрелде, миңдеген адамдардын он күндөн ашык убакытка созулган массалык каршылыгынан кийин Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти. Элдик толкундоого анын бийликтен кетпей өзүнө ылайыктап өзгөрткөн Баш мыйзам аркылуу кайра өкмөт башчылыгына келгени жана тууган-туушкандарынын жогорку кызматтарды аркалоосу себеп болду. Атап айтканда, президенттик кызматын тапшыруунун алдында, келечектин камын көрүп 2015-жылы референдум аркылуу, өлкөнү Парламенттик башкарууга өткөрүү менен премьер-министрдин укуктарын эбегейсиз кеңейтип, быйыл бул кызматтын башчылыгына өзү келген эле. Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы 2016-жылы орун алган. Тагыраагы 2016-жылы элдик референдум өткөрүлүп, Өкмөт башчынын укуктары кеңетилип, Парламенттик-президенттик башкаруу бекемделген. Бирок, бир айырмачылык – Арменияда президент парламентарийлердин добушу менен шайланат. Ошондой эле оппозиция жана бейөкмөтчүлөр айткандай экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев бийликке жутунган жок. Убадасына бекем туруп, президенттик мөөнөтүн узарткан жок, спикерликти да, өкмөт башчылыкты да мелжибей тынчтык жолу менен көчтү улоону абдан убадалаган С.Жээнбековго тизгинди тапшырып берди.

Шайлоо маалында берген убадасын ушул жылдын 6-апрелинде, Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясында курман болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар менен жолугушканда дагы бир ирет кайталаган. Анда Кыргызстандын эли үй-бүлөлүк-кландык бийликке эч качан чыдай албасын, башталган реформалар аягына чыгаарын, коррупция жаатында дос-тууганга карабай турганын белгилеген эле. Тилекке каршы, берген убадасын али күнчө аткара элек. Алсак, бир тууган үкасы Жогорку Кеңештин креслосунан кетпейм деп тырышып жатса, бир тууган акасы элчилик кызматты тапшырууну ойлонуп да койгон жок. Буга саясатчылар өзүлөрү күнөөлүү. Алсак, мындай көрүнүшкө Апрель революциясынан кийин Роза Отунбаева да жол берген. КСДП аркылуу өзүнүн туугандарын “жылуу орундарга” жеткирди. Азыр да ушул көрүнүш кайталанып жаткандыктан эки революцияны баштан өткөрүп, үй-бүлөлүк башкаруу эмне экенин жадыбалдай жаттап калган кыргыз эли учурдагы президенттин да жасап жаткан кадамдарына кыжыры кайноодо.

С.Жээнбеков өткөндөн сабак албагандарды келечекте кандай тагдыр күтөрүн беш колундай билсе да “кой, айга” дегенге болбой Акаев менен Бакиев баскан бокту тебелеп баштады. Кызыгы, ошого карабай, кезинде үй-бүлөлүк режимге каршы күрөш жүргүзүп, бирок өзү бийликке жеткен соң тууган-туушкандарын кызматка дайындоо менен алек болгон Роза Отунбаева баш болуп Убактылуу Өкмөттүн экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевге таарынган мүчөлөрү, оппозиционерлер жана бейөкмөтчүлөр С.Жээнбековду укмуш макташууда.

Бул жерде элдин оозу ачылып жатканына экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин таасири абдан чоң. Анткени ал киши кызматта турганында бир дагы үй-бүлө мүчөсүн, туугандарын же жакындарын бийликке жолоткон жок. Коррупция, трайбализм деген ооруларга каршы күрөш жүргүздү. Бирок, кыска аралыкта баарынын тамырын кыркуу мүмкүн эмес экен. Дегеним, мисал үчүн дос-тууганын же жакынын кайсыл бир министрликтеги жогорку кызматка учкаштырбаган таасирдүү аткаминерди атап көргүлөчү. Андайларды Кыргызстанды түрө кыдырсаң да таппайсың.

Башкасын айтпайлы, мына “Кыргызстан эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга чыдабайт” деген С.Жээнбековдун жогорку кызматтарда отурган акасы менен үкасынан тышкары кудасы Алиярбек Абжалиев депутат болуп отурса, анын баласы Тышкы иштер министрлигинде бөлүм башчы болуп балпайып отурат. Бирок, С.Жээнбеков анын үй-бүлөсү башкалардан айырмаланарына элди ишендирүү үчүн “бир нерсе болсо тууган-доско карабай камайбыз” деген кебин кайда болсун кайталап жүрөт. Ал эми бул-үйбүлөнүн тарапташтары кайсыл саясатчы болбосун анын бир туугандары таза болсо иштей берсин да дешүүдө. Мындан улам, Бажы кызматын куураткан “Раим миллиондун” бир туугандары С.Жээнбековго таянып чалчаңдап жүрүшөт. Буга улай дагы бир мисал, кечээ жакында эле ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун бир тууганы Талас облустук ИИБинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Айтор, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун “усталары” Акаев менен Бакиевдин заманына кайра кайтып бардык. Бул көрүнүш мындан да ары улана береринде шек жок. Ошондон улам, коомчулукта бир үй-бүлөнүн бийлиги өкүм сүрүп, коррупция гүлдөгөн Кыргызстанга кайрадан кош келиңиз деген ураан жаңырууда.

Ушул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай башка дүйнө элдери сыяктуу эле Кыргызстандын эли да акыйкатсыздыкка, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга чыдабайт. Буга башыбыздан өткөргөн эки элдик революция жана кечээки эле Арменияда болуп өткөн окуялардын жыйынтыгы мисал. Ал эми өткөндөн сабак албаган саясатчылар өлкөнү кризиске кептеп, экономиканы талкалоо менен элди көчөгө чыгууга мажбур кылышат эмеспи…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: