Равшан Жээнбеков  эми “порно медиага” бет урабы?

28.03.2016 | Саясат

Равшан ЖээнбековБОКтун экс-лидери Равшан Жээнбеков Талас облусундагы “NEXT” телеканалын сатып алганы белгилүү болду. Аталган телеканалдын ээси, “Бакайнур-Мега” ЖЧКсынын ээси Айбек Турдалиев неге мындай кадамга барганы белгисиз. Бул эми башка маселе деңизчи. Равшан Бабырбекович телеканалдын ишин арбытуу үчүн океандын ары жагынан демөөрчүлөрдү издеп, “Азаттык” жана “Би-Би-Си” радиолору менен кызматташууну жандандырганы жатканы маалым болду. Ошондой эле учурда журналисттер тобун түзүүгө белсене киришкен кези экен. “NEXT” бийликти бир тараптуу шыбап, Равшан Бабырбекович өңдүү БОКчуларды көкөлөтө мактаары турган иш.

Баса, акыркы мезгилде бул канал төшөк “оюндарын” даңазалаган тасмаларды экрандан чагылдырып атканына күбөбүз. Равшан мырза саясатты таштап, “порно медиага” бет ургандан сообу деги?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: