Домой Саясат «Кулчулуктан» чыгаруучу Баш мыйзамга качан ээ болобуз?

«Кулчулуктан» чыгаруучу Баш мыйзамга качан ээ болобуз?

5

Он жыл мурда шашылыш жазылып калган Конституциянын көптөгөн мандеми бар экендигин турмуш өзү тастыктады. Мындан төрт жыл мурун баш мыйзамга толуктоолорду, жаңы мыйзамдарды киргизүү керектиги коомчулукка жеткирилгенде Өмүрбек Текебаев өзү жана анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүшкөн. Бирок, ошол кездеги бийликтин “камчысы” кубаттуу болгондуктан референдумда көздөлгөндөр ийге келтирилип, кыйла “миналардын” жаагы айрылган. Чынында эле көмүскөдө калган жерлери бар эле. 2020-жылга чейин жазылган Баш мыйзамга чымын да конбош керек деген “Конституциянын атасын” керек болсо учактан түшөр замат камап салышкан. Ошол темир тордон эки жыл жети ай дегенде араң эркиндикке чыккан кишини азыр деле “чырмалышкан желеде” кармаганы тууралуу башкача кепти эптештирсе болорун деле кыстара кетели.

Ошентип экинчи төңкөрүштөн кийин жазылган Конститцияга учурда көз караш кандай? Албетте, тескери дегенге толук негиз бар. Анткени ошол Баш мыйзам негедир карапайым элге жылуулугун чачпады. Тандалма элиталарга гана сонун иштеп берди. Парламенттик башкарууга сомдолгон Конституцияны бийликке келген башчылар каалагандай чойгулашып тымтыракайын чыгарышты. Ошондуктан бүгүнкү күндүн талабына шайкеш келбеген бул Баш мыйзамды карап отурбай калк багытында оттой жанып “алоолонгон” Баш мыйзамды жаратуу учурдун зарыл талабы болгондугун белгилеп кетүү парз. Арийне, буга жол бербөөүчүн тикесинен тик турчулар четтен табылат. Себеби, алардын күчү теңдешсиз. Демек, карманган тилеги кайрадан жүзөгө ашып, шайлоодон утушка жетип, ак үйдү ээлеп алуу мүмкүнчүлүгү турат. Ким билет, балким ошол эрлердин умтулуусуна ушул ирет да чыйыр салынып кетеби деген кооптонуу бар.

Акыйкатын айтсак, керек болсо Текебаев чиймелеген Конституциянын бир барагын да ачып окубагандар калың катмарды ээлейт десек болоруна көзүбүз жеткен. “Атасымын” деген Өмүрбек мырза деле акыркы мезгилде кетирген каталарына моюн сунуп келатат. Калп эле өкүрөңдөгөнү менен калпыс жазылган Баш мыйзамдын “өмүрү” аягына чыгып баратканына кабатырланганы ырас. Анын үстүнө баштагыдай дымагы жок, үлбүл жанган эле үмүтү болбосо. —“Мен Конституциянын атасымын деген Өмүрбек Текебаевдин элден чөгөлөп туруп кечирим суроо убактысы келди”-деп мурдагы омбудсмен Бакыт Аманбаев катуу айтты бешинчи каналда. Керек болсо дебатка чыгууга даярмын дегени ого бетер коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Кепти маалкатпай айтканда мындай. Чынында эле парламентке жеп, ичкичтер, өзүмчүл байлар келбесин десек тез арада батыл иш-чараларды кыймылга келтирүү кажет. Болбосо босогосу тогуз пайызга чектелген шайлоодо капчыктуу көпөстөр жеңишке жетишип, элдин желин пыш эттире чыгарып салат. Кана акылдуулар, мекенчилдер, бир нерсеге көзү жеткен жаштар өз сунушуңарды ортого салгыла, кеңешип туруп жыйынтык чыгаргыла. “Кулчулуктан” чыгарууга даңгыр жол салган Баш мыйзамга ээ болбосок көргөн күнүбүз азаптуу боло берет. Биздин менталитетке туура келбеген, көчүрүлгөн Конституциянын ашмалтайы эбак чыккан, демек заманбап Баш мыйзамды калкк тартуулоо кажет. Антпесек томурайып акчалуулардын тебелендисинде кала берерибиз турга иш. Зарылчылык чыкса ар бир үйгө кирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, караңгы шайлоочунун көзүн ачууга аракет кылгыла. Кыргыз мамлекетинде жашаган ар бир жаран өз укугун бекем сактап, кайдыгерликтен сыртта болуп активдүү кадамдарга барышы мезгилдин өктөм талабы.

Ж.Улукшер

Булак: Ачык сөз