Домой Саясат КСДП саясий куугунтукка кабылганын билдирди

КСДП саясий куугунтукка кабылганын билдирди

33

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП билдирүү таратып, партиянын жана «элдик штабдын» мүчөлөрүнө карата саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылды. Мындан сырткары соңку окуяларда жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүп, атайын кызматтын өкүлүнүн өлүмүнө күнөөлүүнү табуу жөнүндө талап коюлган.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бардык процессуалдык жол-жоболорду мыйзамдын алкагында сактоону, «күнөөсүздүк презумпциясы» принцибин эске алууну талап кылабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Ошону менен катар анда тартип коргоо органдарына 9-августтагы толкундоодо чагым кылгандарды аныктап, жоопко тартуу боюнча өтүнүч келтирилген.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Бүгүн, 9-августта Кой-Таштагы соңку окуяларга күбө катары КСДПнын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева суракка чакырылган.

Партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка камалган.