Кадыры арткан «Карагат фест» быйыл Темир айылында

30.07.2018 | Коом

Ысык-Көл жергеси өзгөчө табияты, жумшак климаты менен белгилүү. Мындай табигый шарт дыйканчылык үчүн дагы жагымдуу келет көптөгөн мөмө-жемиштер, жашылчалардү өстүрүүгө ыңгайлуу.

Ысык-Көл облусун комплекстүү өнүктүрүү боюнча КАРАГАТ+ программасы питомниктерди, үрөн чарбаларын, фермердик топторду колдоо, ишкердикке окутуу, тажрыйбаларды жайылтуу, жаңы сорттуу өсүмдүктөрдүн көчөт, үрөндөрү менен камсыздоого көмөк көрсөтүүдө. 2013-жылдан бери программа облус аймагында көптөгөн иштерди аткарууга жетишти. Андан бери жыл сайын Ысык-Көл облусунун ар районунда кезеги менен «Карагат фестивалы» мөмө-жемиш иш-чарасы өткөрүлүп келет.  Быйылкы фестиваль 4-август күнү Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында өткөрүлөт.

 

Элге 80 миң түп карагат көчөтүн саттык

 Элге 80 миң түп карагат көчөтүн саттык

Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургуну Рая Төлөгөнова быйыл дагы ак, кызыл, кара карагаттары, жарым карлик алма, абрикос, шабдалысы менен «Карагат фест» иш-чарасына катышмакчы. Анткени Рая жетектеген «Барскоон мөмө-жемиш питомник кооперативи» акыркы жылдары Польшадан, Россиядан алынып келинге карагаттын 5 сортун, малинанын 2 сортун көчөтүн жайылтуу менен иштеп жатат. Агрономияда 40 жылдык тажрыйбасы бар чарба жетекчиси КАРАГАТ+ программасы менен иштешип, 4 жыл аралыгында эки долбоорду ишке ашырып, элге 80 миңге жакын көчөт сатканын айтат. Питомник даярдаган көчөттөрдүн алды Жалал-Абад облусуна чейин сатылган, андан тышкары, Чүй, Талас, Нарын облустарынын дыйкандары алып өстүрүп жатышат.

Айрым чарбалар бизден көчөт алып 1-2 гектарга чейинки аянтка карагат отургузуп жатышат

«Айрым чарбалар бизден көчөт алып 1-2 гектарга чейинки аянтка карагат отургузуп жатышат. Биз долбоор боюнча алган көчөттөрдөн калемче отургузуп, аларды көбөйтүп таркатуу менен иштеп жатабыз. Иштин жыйынтыгы жаман эмес. Карагаттан тышкары Польшадан келген алмалар дагы өзүн жакшы көрсөтүп жатат. Алар көп оору-сыркоого туруктуу экенин көрсөттү. Андан тышкары, жергиликтүү алма сортторун дагы энелик катары сактап, алардын калемча өстүрүп көбөйтүп жатабыз», — дейт     Рая Төлөгөнова.

 

Кыргызстанды как менен камсыздоонун чети дагы оюла элек

 Кыргызстанды как менен камсыздоонун чети дагы оюла элек

Быйылкы «Карагат Фест» иш-чарасына Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева бир ондон ашык түрдүү как алып барат. Ишкер айым бул кактарды «КАРАГАТ+» программасынын алкагында, өзү мүчө болгон «Жылдыз» фермердик тобуна берилген эки как кургатуучу электр жабдууларында даярдайт. Программа алкагында топ мүчөлөрү карагат өстүрүү жана как кургатуу ыкмаларына үйрөнүшкөн. Атап айткан, өрүк электр кургаткычта жарым саат ысытылып, эртеси дагы бир саат какталып тез эле даяр болот. Андан тышкары, алма, алмурут, кара өрүк жана башка жапайы мөмө-жемиштерди дагы көп кургатып алышат. Гүлсара жеке өзү  2014-2015-жылдары 750 кг чейинки как кургатытп алган. Андан бери түшүмгө жараша иштеп келе жатышат. Фермердик топтордун бул аракеттерин Гүлсара ал болсо дагы аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салым катары эсептейт:

Электр кургаткычта как кургатуу таза жүргүзүлөт, чымын-чиркек түшпөйт 

«Электр кургаткычта как кургатуу таза жүргүзүлөт, чымын-чиркек түшпөйт. Биз как менен айылдагы бала-бакча, мектептерге 1 кг 150 сомдон сатабыз. Андан башка дүкөндөр дагы сатып алып кетишет. Бул как кургаткычтарга топ мүчөлөрү дагы мөмө-жемиштерин кургатып алышат, аларды сатып киреше көрүшөт. Жарманкелерге чыгабыз, жергиликтүү эл, туристтер кызыгып алат. Айылга барганда баягы конфет, таттуулардын ордуна кактарды алып барабыз. Көнүмүш таттуулардан көрө биздин кактарды чоң-кичине дебей жакшы көрүп ооз тиет».

 

Үйдүн короосунда «гүлдөгөн» гүл бизнеси

Үйдүн короосунда «гүлдөгөн» гүл бизнеси

«Карагат фест» иш-чарасына дагы бир топ мүчөсү Гүлнара Касымбаева өзү өстүргөн гүлдөрү менен бармакчы. Ал 4 жылдан бери үйүнүн короосунда гүл өстүрүүнү колго алган. Учурда 30 түрдүү гүлдүн ичинен петуньяга өзгөчө көнүл бурууда. Мисалы өткөн жылы 500 даана гүл көчөтүн сатса, быйыл жыл башынан бери эле 2 миңден ашык петунья гүлүн сатууга жетишкен. Эми гүл аянтын дагы көбөйтүү максатында Каракол шаарына жакын аймактан жер тилкесин сатып алган. Бирок каражат жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, күнөскана курууга алы жетпей жатат.

Гүлдөрдү өзгөчө пансионаттар көп сатып алышат экен

«Гүлдөрдү өзгөчө пансионаттар көп сатып алышат экен. Бирок алар миңдеп сурашат экен. Биз анча көлөмдү камсыздай албай жатабыз. Андыктан колдоо болсо, күнөскана куруп алсам деген оюм бар. Ошентип бул ишти дагы кеңейтүүгө мүмкүн болмок. Биздин гүлдөргө америкалык туристтер дагы таң калып, суктанып, өз өлкөсүнөн гүл уругун салып жибермей болушту. Гүл өстүргөндөр аз, бирок бул иштин келечеги бар десе болот. Анткени менде бир эле гүлдүн 5-6 түрү бар. Мисалы хризантема гүлүнүң ар бири 150-250 сомго чейин сатылды», — дейт Гүлнара Касымбаева

 

Жаңгак, бөрү карагат жана ит мурундан кыям даярдаган ишкерлер

 Жаңгак, бөрү карагат жана ит мурундан кыям даярдаган ишкерлер

Ысык-Көл облусундагы Булан-Сөгөттү айылынын тургуну Гүлжамал Намазова 2014-жылдан бери 30 кишиден турган фермердик топту жетектейт. «Булан-Сөгөттү» жамааты негизинен мөмө-жемиштерди кайра иштетүү менен иш алып барат. Ысык-Көл районунда өрүк көп өскөндүктөн түшүмдүн теңинен көбү коромжу болгон учурлар кездешет. Андыктан топ мүчөлөрү 2016-жылы долбоор жазып, как кургатуучу электр жабдуусун утуп алышкан. Андан бери колунан келишинче өрүктөн, ак, кызыл, кара карагат түрлөрүнөн өзгөчө ыкма менен 50% кант кошуп кыям даярдашат. Ошондой эле, роза гүлүнүн желекчесинен дагы туристтерге арнап өтө жагымдуу кыям жасашат. Ошондой эле, көк жаңгактан кабыгы ката электе ден соолукка өтө пайдалуу өнүм даярдашат. Аларды чакан идиштерге куюп чыгарышууда. Гүлжамал өз убагында АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керриге да кыям саткан.

Айылда аялдарда жумуш жок

«Айылда аялдарда жумуш жок. Андыктан биз өз алдынча аракет кылып иштеп жатабыз. Быйыл биздин топко дагы 15 жаш мүчө кабыл алынды. Мен мисалы 18 жылдан бери ушундай кайра иштетүү менен иштейм. Жылына түшүм жакшы болсо жеке өзүм чакан идиштерде 10 миң даанага чейин кыям, кайнатма даярдайм. Топ мүчөлөрү дагы ушундай аракетин кылып жатышат. Караколго дагы кышында биздин өнүмдөр жакшы өтөт. АВЕП бизди маркетинг, дизайн, этикетка даярдоо боюнча жакшы окутту. Биздин өнүмдөрдөрдөн чет элдик жогорку даражалуу конокторго дагы белек комплект даярдап берүүнү дагы суранышат».     

 

Айылды гүлдөткөн Ак-Дөбөнүн алдыңкылары

 Айылды гүлдөткөн Ак-Дөбөнүн алдыңкылары

Жети- Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Гүлмира Шабырбекованын короосу фермердик топтун көрсөтмөлүү тилкесине айланган

Жети- Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Гүлмира Шабырбекованын короосу фермердик топтун көрсөтмөлүү тилкесине айланган. Мында КАРАГАТ+ программасынын долбоорлору аркылуу алынган карагат, алма жана башка мөмө-жемиш көчөттөрү, жашылчалар тигилген. Тилкеде тамчылатып сугаруу тутумун дагы орнотулган.  Андан тышкары, Гүльмира үй алдына көптөгөн гүлдөрдү өстүрүп, гүл сатуу бизнесин баштап алган. Бул иштер айыл жаштары жакшы үлгү болуп жатканын жамаат мүчөсү айтат.

Ал эми Жибек Ниязалиева «Мол түшүм» фермердик тобунун лидери. Алар «КАРАГАТ+» программасы аркылуу көптөгөн окууларга катышып, мөмө-жемиштерди өстүрүү, түшүмдү кайра иштетүү, как кургатуу ыкмаларын үйрөнүшкөн. Ошондой эле, өздөрү даярдаган өнүмдөрдү фестиваль, көргөзмөлөргө алып барып өткөрүшөт. Быйыл фермердик топ 4-августта өтө турган «Карагат фест» иш-чарасына курт-кумурскаларга каршы күрөшүү ыкмасын оюн түрүндөгү мастер-класс даярдап жатышат. Ошондой ыкма менен зыякечтерге каршы күрөшүү ыкмаларын түшүдүрүшмөкчү.

 

Кажы-Сайлык «Тереза эне» Гүлүшкан Акматованын күнөсканасы

 Тоң районундагы Кажы-Сай айылында «Хадича» кризистик борбору 2014-жылдан бери чакан күнөскананы ийгиликтүү иштетип келет. Күнөскана «Кумтөр» ишканасынын колдоосунда 2014-жылы курулган. Учурда күнөсканада помидор, бадыраң, ашкөк чөптөр өстүрүлүп, кризистик борбордо камкордукка алынган балдарга кошумча азык катары берилет. Айрыкча күнөсканада бадыраң жакшы өскөндүктөн балдарга бергенен тышкары дагы сатууга көп ашып калат. Гүлүшкан Акматова дагы 4-августта «Карагат фестивалына» барып өзүнүн күнөсканасы тууралуу маалымат берүүгө камынууда.

 Биз сыяктуу кризистик борборлор, балдар үйлөрүнө ушундай күнөскана, жашылчалар абдан зарыл

«Биз сыяктуу кризистик борборлор, балдар үйлөрүнө ушундай күнөскана, жашылчалар абдан зарыл. Анткени күнүгө балдар витаминдүү тамак-аш жейт. эч жактан сатып албайбыз, бардыгы өзүбүздөн. Ашканын күнүгө Бөкөнбаевдин чоң дүкөндөрүнө өткөрүп, анын акчасына балдар үчүн күнүмдүк азык-түлүк, кесме, ун-чай, май алып келебиз. Окуу куралдарын сатып алабыз. Андан тышкары эки саан бар, тоок багабыз. Эми ушул күнөскананы кышкы мезгилге карата чыңдап алууну ойлоп жер-жерлерге кайрылып жатабыз. Анткени кар түшкөндө күнөскананын сырты көтөрө албай кетип жатат. Мындай жардам үчүн биз демөөчүлөргө ыраазыбыз», — дейт Гүлүшкан Акматова   

Борбордун жетекчиси Гүлүшкан Акматова бул жайды 1990-жылы Тажикстандагы жарандык согуштан качкын болуп келген этникалык кыргыздардын балдарын багууга алуу менен иштетип баштаган

Борбордун жетекчиси Гүлүшкан Акматова бул жайды 1990-жылы Тажикстандагы жарандык согуштан качкын болуп келген этникалык кыргыздардын балдарын багууга алуу менен иштетип баштаган. Андан бери жыл сайын 60 балага чейин тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирип чоңойтуп келет. Учурда ал жетим балдардан тышкары социалдык жетимдерди дагы камкордукка ала баштады. Гүлүшкан кризистик борбордогу балдарды ушундай көмөкчү чарбанын жана демөөрчүлүк колдоолордун жардамы менен камсыздап келет. Мындан тышкары, борборго ушул жерде чоңоюп өскөн мурдагы тарбиялануучулар дагы олуттуу колдоо көрсөтүп турат.

 

20 фермердик топ күн кубаты менен иштеген как кургатуучу жабдуу алды

20 фермердик топ күн кубаты менен иштеген как кургатуучу жабдуу алды

Ысык-Көлдө жергиликтүү усталар күн кубаты менен как кургата турган жабдууларды жасашты. «АМЕТИС» коомдук бирикмеси даярдаган 20 даана как кургатуучу жабдуу комплекси КАРАГАТ+ программасынын алкагында кызматташып жаткан 50 фермердик топтун ичинен тандалып алынга 20 топко берилди. Эми басымдуу бөлүгүн аялдар түзгөн фермердик топтор как кургатууну ашыкча чыгымсыз жүргүзө алышат. Бул жабдуулар «Энергияны үнөмдөөчү как кургаткычтарды жайылтуу менен Ысык-Көл облусундагы айылдык аялдардын жашоо шартын жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында, Финландия мамлекетинин Астанадагы элчилиги жана Кумтөр ишканасынын колдоосунда даярдалган.

Жабдуулар Карагат+ программасынын алкагында 20 фермердик аялдар топторуна инвестициялык колдоо иретинде грант түрүндө берилип жатат

«Жабдуулар Карагат+ программасынын алкагында 20 фермердик аялдар топторуна инвестициялык колдоо иретинде грант түрүндө берилип жатат. Жабдуунун комплектисине как кургатуучу жыгачтан жасалган шкаф жана күн коллектору кирет. Как кургаткыч күн кубатына ысытылган аба менен иштейт. Жабдуулар толугу менен жергиликтүү усталардын ойлоп табуусу жана ушул эле Кызыл-Суу айылындагы чакан ишканада даярдалган. Ар бир как кургатуучу комплектинин баасы 36 миң сомго барабар. Бул товар даярдоодо анын өздүк наркын арзан даярдоого шарт түзөт», — дейт АВЕП коомдук фондусунун жетекчиси Нурлан Токонов.

Ысык-Көлдө салтка айланган «Карагат Фест» мөмө-жемиш фестивалы 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет

Ысык-Көлдө салтка айланган «Карагат Фест» мөмө-жемиш фестивалы 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы фестиваль Ысык-Көл районундагы Темир айылында, №47 кесиптик лицейинде өткөрүлөт. Фестивалдын максаты, Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиш өстүрүү жана сатууну өнүктүрүү, кайра иштетүүчүлөрдүн ишине мүмкүнчүлүк түзүү, питомник, күнөскана жана өнүм кабыл алуучу жайларды жайылтууну көздөйт. Ошондой эле, тамчылатып сугаруу тутумун даңазалуу жана өнүктүрүү, мөмө-жемиш өстүрүү боюнча кыска курстардын программаларын тааныштыруу иш-чаралары камтылган.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: