Эдил ОСМОНБЕТОВ: “Абылгазиевде ички жана тышкы саясатта тажрыйбасы жетиштүү”

16.03.2018 | Коом, Саясат

1513235602_osmonbetov

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө башчысынын кадр тандоодогу мындай жүрүшүн көпчүлүк эксперттер кубаттап, аны жылуу кабыл алууда. Белгилүү саясат таануучу, эл аралык мамилелер боюнча адис Эдил Осмонбетов маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде мындай дайындоо күтүлүп эле жатканын, Мухаммедкалый Абылгазиевде ички жана тышкы саясат боюнча тажрыйбасы жетиштүү экенин айткан. “Чынында мындай дайындоо Фарид Ниязов кызматтан кеткенден кийин эле күтүлүп жаткан. Аны ушул кызматка даярдап жаткан. Абылгазиев президент менен кошо Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитине да катышып келди”, — дейт ал.

Саясат таануучу Президенттик аппараттын жаңы дайындалган жетекчисинде чоң тажрыйба бар экенин кошумчалады. “Абылгазиевде ички жана тышкы саясат боюнча тажрыйбасы жетиштүү. Ал ички да, тышкы да саясатты алып кетүүгө кудуреттүү. Коңшулар менен мамилени бекемдөөгө да алы жетет”, — дейт ал.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: