Бабановдун арам акчасына алданба, мамлекетти сатпа!

11.10.2017 | Коом, Саясат

IMG_20170731_135613

Бир талапкер шайлоочуларды акча менен азгыруу аракетин тыйбай келет. Жашырганда эмне, шайлоочулар арасында «кимиси болсо, ошонусу болсун, кимиси кɵп акча берсе, ошонусуна добушумду берем» дегендер да бар. Талапкерлердин  добуштарды акчага сатып алуу аракеттерин  нормалдуу кɵрүнүш катары  кароого болобу? Албетте, жок. Эмне үчүн талапкерлер ɵз  программа, платформаларын элге жеткирүү, эл үчүн иштеп берерине  ынандыруу жолу менен ишенимге ээ болууга аракет  кɵрүшпɵйт? Качанга дейре шайлоочулар добуштарын сатышат, талапкерлер добуштарды  сатып алышат?

prodam_golos

Тилекке каршы, бүгүн кыргыз элине «келечегиңди акчага сатпа!» деген чакырык жетишпей келет. Добушу үчүн акча алууну ниет кылып жаткан шайлоочулар ɵзүнүн да, ɵлкɵнүн да келечегине кедергисин тийгизип жаткандыктарын аңдашабы? Эмнеге бекер тамак капкан менен тузакта гана болорун, бергендин алмайы бар экенин билишпейт? Ошол акча таратып жаткан талапкерлер эртең шайланып, бийликке келип калса, кетирген акчаларын кайра элдин эсебинен эселеп кайтарып алышарын эмнеге ойлонушпайт?

Атүгүл ошол эле депутаттардын «керек болсо мен шайлоочулардын добуштарын сатып алгам»  дегендей мактанууларын деле  кулагыбыз чалып жүрбɵйбү. Анан жалпы ɵлкɵнүн шайлоочуларына акча тараткан талапкердин бийликке келгенден кийин акчасын  кайтаруу үчүн мамлекеттин бюджетинин канча акчасын мойсошу керек болот?

Кече жакында эле Амир-Темур кичи районунда Daihatsu унаа жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан токтотулган. Анын 1959-жылы жарык дүйнөгө келген А. С. аттуу айдоочусу менен 1953-жылы туулган К. С. аттуу жүргүнчүсү текшерүүгө алынганда автоунаа ичинен 6 кутучанын ичинде президенттикке талапкер Ө. Бабановдун даректелген каты жана 185 миң сом акча табылган. Кармалган А. С. аттуу жаран шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн баратканын мойнуна алган. Мындай маалыматты ИИМдин маалымат кызматы таркаткан. Муну тастыктаган видеотасма да бар. Аны каалоочулар интернет булактарынан таап көрсө болот.

Эгерде бүгүн акчаны таратып жаткан талапкер эртең ɵлкɵ башына келсе, анда ал ар бир чечимге «акчамды кайтарып алышым керек» деген принциптен карай турганын бɵркүңүздɵй кɵрүңүз, кымбаттуу шайлоочу. Мамлекеттин бюджетин бекитүүдɵбү, кайсыл бир экономикалык, энергетикалык, социалдык долбоорлорду ишке ашыруудабы, инвесторлор менен макулдашуу түзүүдɵбү, кызматтарга дайындоодобу, иши кылып бардык акча ɵɵнɵɵгɵ мүмкүн болгон иштердин баарында ɵзүнүн капчыгын унутпайт.    Акча жасоо үчүн мамлекеттик масштабдагы кɵмүскɵ  схемалар ойлоп табылып, ишке киргизилерин  бɵркүбүздɵй кɵрɵлү.  Бул жагдай коррупциянын мамлекеттик масштабда тамыр жаюусун, гүлдɵшүн шарттап жатпайбы!

Диний аалым Чубак ажы Жалилов «добушун саткандардын сойкулардан айырмачылыгы жок» деп таамай айткан. Байыркы кесипти аркалагандар да эртеңки күнүн, жакындарын, туугандарын түк ойлонбойт. Алар үчүн  күнүмдүк тириликтин ɵткɵнү эсеп болсо, добушун пулдагандар да арзыбаган акчанын кулуна айланышкандар.

Айтайын дегенибиз, кымбаттуу шайлоочу, добушуңду акчага сатпа! Добушуңду пулдаганың, эртеңки тагдырыңа  балта чапканың, балдарыңдын келечегине түкүргɵндүк менен мамиле кылганың! Сырттан келген арам акчанын кулу болбо, жүрɵгүң, акылың менен добушуңду бер! Беш миң сом үчүн алдыдагы 6 жылдык турмушуңа кол шилтебе!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: