Алга КЫЛЫЧЕВ, “Элдик кошуундар” бирикмесинин төрагасы: “Балээнин баарын Бабанов баштады, эми Назарбаевге дагы чөгөлөп барып чек араны ачышын суранышы керек”

30.10.2017 | Саясат

image

Кыргыз-казак чек арасындагы абалга “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду күнөөлөгөндөр басымдуу болууда. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?

—    Эми ачыгын айтканда Өмүрбек Бабановго кыргыз эли нааразы. Себеби балээнин баарын ушул Бабанов баштады. Кыргызстанда дүйнөгө таанылган аксакалдар турса мыйзамдарды одоно бузуу менен казак президенти Нурсултан Назарбаевге чөгөлөп барып бата алды. Муну менен кыргыз элинин намысына тийди. Эми Бабанов башын кандай баштаган болсо Назарбаевге дагы чөгөлөп барып, чек араны ачышын суранышы керек. Болбосо биз аны саткын катары баалайбыз.

—    Назарбаевдин чек араны жапканына дагы эмне себеп болушу ыктымал?

—     Бүгүнкү күндө президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда таза шайлоолорду камсыз кылып, Борбор Азиядагы мамлекеттерге үлгү көрсөтүү менен бийлигин өткөрүп берип жатат. Бул Назарбаевге деле жаккан жок. Ал ушундай көрүнүшкө да ичи өрттөнүп жатса керек.

—    Таласта өткөн митингдин артында да Бабановдун турганы кабарланууда. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?

—    Абыке-Көбөштүн тукумдары – кыргыз элин бөлүп, президенттин сөзүн бурмалагандар деп билебиз. Мен деле Талас облусунун эли менен сыймыктанам. Бул аймактан чыккан улуу агабыз Чыңгыз Айтматов менен Манас атабыздын эстелигин да “Ала-Тоо” аянтына Алмазбек Атамбаев орнотту. Бирок, президенттин сөзүн бурмалагандар регионалдык бөлүнүп-жарылууга алып баратат. Абыке-Көбөштүн тукумдары жалпы таластыктар эмес, президент деле антип айткан жок. Атамбаев болгону башкаларга чөгөлөп, кыргызды курал катары колдонгондорго карата айтты. Аны так билип алышыбыз керек.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: