Кыргыз мамлекеттик медициналык Академиянын ректору Аширалы Зурдинов деген неменин жаны Кощейдикинен да бек экен, сууга салса да, отко куйкаласа да эч нерсе болбой эле ишин улантат. “Зурдинов минтиптир, тигинтиптир” деген аңыздар өзүнчө бир том болду окшойт. Генпрокуратура анын дагы бир кызматта мыйзамсыз иштеп жатканын таап чыгыптыр. Буга чейин Зурдиновдун “жанынын ийнеси” табылбай жатканынын себеби ал өтө таасирдүү адамдын илимий жетекчиси болуп, доктордук диссертациясын жазып жатканы айтылган имиш. Балким бул ушак. Эми биз анын чын-бышыгын билбейт экенбиз. Бир билгенибиз, Зурдинов дегениң ректордук кызматка татыксыз көрүнбөйбү…