Домой Саясат Замирбекте такыр бет жокпу?

Замирбекте такыр бет жокпу?

46

Замирбек АйдаровТранспорт жана коммуникация министринин алдындагы Жол чарба департаментинин жетекчиси Замирбек Айдаровдун аталган мекемеге министр болуп дайындалышы коомчулуктун кыжырына тийип турат. Белгилүү болгондой, ал Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча тендер чырына түздөн-түз тиешеси бар фигура экенин эч ким жокко чыгара албайт. Логика деген кайда? Уялбагандан өзүң уял дегендей, Замирбек мырзанын таптакыр бети жок турбайбы, кыязы мансап дегенде эт-бетинен кетип, өлүп берчү неме окшойт. Президент деле кой деп койсо болмок экен. Чынында бул адам мурунку министр Малабаев, анын ою жаман орун басары Уезбаев менен кошо кызматтан кетиши зарыл болчу. Ал жерде бир күн иштегенге моралдык укугу жок болчу.