Туңгуч качкын ажо Аскар Акаевдин доорунда “Республика” аттуу гезиттин таскагы катуу чыкканын билебиз. Ал кездеги оппозициялык маанайдагы бул басылманы Замира Сыдыкова аттуу айым жетектечү эле. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин океандын ары жагына сүңгүп кирип кеткен бойдон бир нече жылдар бою үн-сөз жок “жоголуп” кеткен Замира айым акыркы мезгилде “Республика” гезитин” “тирилтип”, кайрадан оппозициялык маанайдагы журналисттин терисин жамынып чыга келди. Кызык жери, бүгүнкү күндө жалаң төш патриоттун кейипкерин жараткан Сыдыкованын Америкада туруктуу жашоого уруксат кагазы бар экен. Эгер эртеңки күнү мамлекетибиздин башына оорчулук түшсө көнгөн адатынча “Кайдасың, АКШ?!” деп журт которуп кетпейби?
Мындай суроонун жандырмагын алдыда чечмелейбиз. Алгач Замира Сыдыкованын саясый бейнесине сүңгүп кирип көрөлү. Эгемендиктин алгачкы 10 жылдыгында Замира эжекебиз Аскар Акаевдин командасында болуп, анын саясатын кош колдоп колдогону белгилүү. Академик Акаев кайсы жерге барбасын жанына Замира айымды ээрчитип алчу экен. Мына ушундай жылуу, достук мамилеге акыры чекит коюлуп, Замира Сыдыкова Акаевдин бийлигин катуу сындаган журналистке айланып чыга келсе болобу!
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин канкор Курманбек Бакиев баш каарманыбызды АКШга элчиликке “айдап” жибергени маалым. “Устатынан шакирти өтүптүр” демекчи, Курманбек Бакиев бийлигин бекемдеген соң үй-бүлөсү мамлекетти каалагандай башкарып, саясатчыларга, журналисттерге “аңчылык” күчөдү. Геннадий Павлюк көп кабаттуу үйдөн ыргытылып өлтүрүлсө, Сыргак Абдылдаев 18 жеринен бычак жеп, араң аман калды. Бакиев такка конгон жылдан тарта эле кыргыздын чыгаан уулдары биринин артынан бири буйрутма өлүмгө дуушар боло баштады. Акыр аягы Медет Садыркуловдун мыкаачылык менен тирүүлөй өрттөлүп өлтүрүлүшү менен жыйынтыкталды. Ага чейин Жыргалбек Суравалдиев, Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев, Тынчтык Акматбаев, Руслан Шаботоев сыяктуу эр-азаматтарыбыз канкор бийликтин курмандыгы болду. Элибиздин жашоосу оорлошуп, «алло» деп койгонуң үчүн уюлдук байланышка ашыкча 60 тыйын төлөй турган болдук. Мына ушундай убакта негедир баягыл «чындыкты чыркырата» айткан Замира Сыдыковадан үн чыгып койбоду. “Неге?” деген суроонун жаралышы мыйзам ченемдүү мындайда. Эгерде чындык үчүн, акыйкаттык үчүн тайманбаган инсан болгондо, анда кызматтан кол жууп калам деп чоочуркап отура бербестен, Бакиевдин былык-чылыктарын, терс аракеттерин ачык айтып чыгып, кызмат ордун өткөрүп бербейт беле? Анткенге духу жеткен эмес, себеби, кесиптешибиз үчүн журналисттердин өмүрүнөн, коопсуздугунан дагы элчилик кызмат жогору туруп калган.
Берилчү суроолор көп, жооптор жок…
how do i get tamoxifen uk.
Курманбек Бакиевдин доорунда кадимки Данияр Үсөновдун арааны ачылганы эч кимге жашыруун эмес. Аны менен Замира Сыдыкова да ысык алакада болгон. Дал ошол кесиптешибиздин кийлигишүүсү менен Кыргызстанга эл аралык масштабдагы аферист Мельникофф кирип келгенин кайда катабыз? Ошол шылуунга көрсөткөн кызмат акысы үчүн канча акча алды болду экен? Бул жагы бизге табышмак.
Эңди дагы бир шиңгил сурообуз бар. Апрель окуясынан кийин кадимки эрке талтаң экс-ханзаада Максим Бакиев менен анын оң колу Оксана Малеваная Замира айымдын АКШдагы үйүндө убактылуу баш калкалап турганын эркин басылмалардын бири жазганы бар. Сыр болбосо, канча күн аларды бапестеп бакты болду экен, ыя?
Үчүнчү сурообуз мындан дагы кызык. Замира Сыдыкова 2010-жылы “Республика” аталыштагы партиясын Өмүрбек Бабановго дүңүнөн пулдаганы тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Ал үчүн, канча каражат алганы бизге белгисиз. Маселенин тузу мында деле эмес. “Республика” партиясы Замира эжекебиздин жарандык күйөөсү Гиязга (Гельман) катталганын, андан Бабановго өткөнүн да айта кетели. Ал эми Гияз мырза учурунда Максим Бакиевдин командасындагы кишилеринин бири болгон дешет. Эми собол салгыбыз келет: ошол жарандык күйөөсү дагы деле Максимчиктин алдында кызмат өтөп жатабы? Өтөп жаткан болсо, эмне кызмат кылып жатат? Дагы деле ысык аны менен чогуу түтүн булатып жатты болду бекен?
Сөздүн ток этерине өтөлү…
Макаланын башында белгилегендей, Замира Сыдыкова “Республика” гезитин кайрадан маалымат айдыңына кошуп, оппозициялык позицияны тутунуп келет. Албетте, кандай позицияны тутунат, ал ар кимдин жеке иши деңизчи. Ошентсе да, бийликти бир тараптуу шыбап, каралоонун түпкү максаты башкада болуп жүрбөсүн? Себеби, жогоруда жазгандай, З.Сыдыкова бөлөк өлкөнүн атуулу менен жарандык никеде турат. Бул биринчиси деңиз.
Экинчиден, кесиптешибиз кайсы бир күчтөрдүн тапшырмасын тымызын аткарып жүрбөсүн? Анткени, Замира айым АКШда туруктуу жашоо үчүн уруксат кагазын эчак эле алып койгону айтылып жүрөт. Кудай өзү сактасын дейли, эгер кокусунан эртеңки күнү Кыргызстаныбыздын башына караңгы күн түшүп калчу болсо Замира Сыдыкова көнгөн адатынча Америкага журт которуп кетпейби? Анын азабын карапайым калк гана тартып калат эмеспи.
Мына ушундай жагдайдан улам, бүгүн оппозиция короосунда жүргөн журналисттердин өткөнү менен эмкисин жакшылап иликтей турган мезгил бышып жетилди. Бөлөк мамлекеттин жаранынын өмүрлүк жары болуп туруп биздин ички саясатка кийлигишкендер кимдир бирөөнүн заказын аткарбайт дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, жакшылап анализ жасайлы, замандаштар!