Домой Аналитика Замира Сыдыкованын ачык жана жабык сырлары

Замира Сыдыкованын ачык жана жабык сырлары

269

Замира СыдыковаАскар Акаевдин заманында “Республика” аттуу гезити менен коомчулукка таанылган Замира Сыдыкова океандын ары жагына сүңгүп кеткенден тарта бир нече жылдар үн-сөз жок тынчып калгандай болду эле. Акыркы убактарда айрым маалымат булактары аркылуу маек берип, Кыргызстандын учурдагы абалы тууралуу пикирлерин билдирчү болду. Албетте, Замира айымдын пикир айтуусуна эч кимдин каршылыгы жок, болгону өз башындагы төөнү көрбөй, өзгөлөрдүн башындагы чөптү көрөт болуп атканы бир аз зээнди кейитет. Ошондон улам бир кездеги белдүү журналист, кийинчерээк саясый оюнчу болуп кеткен эжекебиздин бейнесин ачкан бир нече суроолорго жооп издеп көргүбүз келди.

Тээ эгемендик алган жылдардын алгачкы 10 жылдыгынын ичинде Замира айым Аскар Акаевдин командасында болуп, анын саясатын колдоого алып келгени ошол учурдагы журналистика журтчулугуна жакшы маалым. Аскар Акаев менен көп эле жерлерди бирге кыдырып да келди. Айтор, бул жагынан ал Акаев мырзага арман айтпаса деле болот. Анан эле күндөрдүн бир күнүндө «жылкы тептиби», же «жылан чактыбы», айтор эжекебиз позициясын 180 градуска чукул буруп, оппозиция жээгине өтө качты. Буга эмне себеп болгонун ачыгы коомчулук жакшы билбейт. Бирок, тар чөйрөдө айтылып жүргөн аңыз кептерге караганда Аскар Акаев Замира Сыдыкованы «бөдөнөнүн сүтүнө» өтө жакындыгынан улам командасынан кууп салган дешет. Катуураак айтып атсак, кечирип коюңуз эжеке, бирок көп эле маалымат булактары сиздин «бөдөнөнүн сүтүнө» жакыныраак экениңизди жазып жүрүштү. Эгерде калп десеңиз, анда буга кийинки маектериңиздин биринде комментарий айтаттырсыз. Андай болсо, азыркы тапта океандын ары жагында эмес, балким Маскөөдө Акаев менен стакан кагыштырып отурат белеңиз деген эле кеп да.

 

Акаевге каршы чыккандай эмнеге Бакиевге каршы чыккан жоксуз?

Ошентип «бөдөнөнүн сүтүнүн» айынан Акаев баштаган бийликке оппозиция болуп, ачуу сөздөрүңүздү жакшы эле айттыңыз. 2005-жылдагы революциянын жүзөгө ашуусуна да салымыңыз бар десек болот. Анан манты жеп отурган жеринен Курманбек Бакиевди алып келип, президенттик тактыга отургузууга да кошулуп калдыңыз. Сиздин мындай «мээнетиңизди» Бакиев да «туура баалап», АКШга элчи кылып жөнөттү. Кубанычыңыз көкүрөгүңүзгө батпай, аз эле жерден аны «атамдай көрөм» деп айтып ала жаздап, бирок бул сөздү ага чейин эле башка бирөө айтып койгонун эстеп, океандын ары жагына сапар алгансыз. Анан тактыга көчүгүн жакшылап бекемдеп алган Курманбек Бакиев Кыргызстанды бир туугандары жана балдары менен биргеликте башына кийип алуу аракетин көрө баштады. Маанилүү мамлекеттик жогорку кызматтарга анын инилери, балдары конду. Алардын жасап аткан туура эмес иш-аракеттерин сынга алган журналисттерди куугунтуктап, алдын өлтүрүп, бычактап, артын ар кайсыл мамлекетке качууга аргасыз кылды. Качкын президенттин эрке талтаң уулу Максим Бакиевдин рейдерлик басып алуулары күч алды. Баса Бакиев тактыга конгон жылдан тарта эле кыргыздын чыгаан уулдары биринин артынан бири буйрутма өлүмгө дуушар боло баштады. Акыр-аягы Медет Садыркуловдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү болду. Ага чейин Жыргалбек Суравалдиев, Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев, Тынчтык Акматбаев, Руслан Шаботоев сыяктуу эр-азаматтарыбыз канкор бийликтин курмандыгы болду. Элибиздин жашоосу оорлошуп, «алло» деп койгонуң үчүн уюлдук байланышка ашыкча 60 тыйын төлөй турган болдук.

Мына ушундай убакта негедир баягыл «чындыкты чыркырата» айткан Замира эжекебизден үн чыкпады. Эмнеге? Жооп берип коюңузчу, эжеке? Эгерде чындык үчүн тайманбаган инсан болсоңуз, анда кызматтан кол жууп калам деп чоочуркап отура бербестен, Бакиевдин былык-чылыктарын, терс аракеттерин ачык айтып чыгып, кызмат ордуңузду өткөрүп берип коөт элеңиз да, туурабы? Же жок дегенде мекениңизге бир жолу басып келип, элиңиздин абалын сурап коөт элеңиз.

 

Бакиевдердин үй-бүлөсүнө “аюу кызматын” ашыкча өтөп…

Баса, Бакиевдердин маалында Данияр Үсөнов менен да жакшы мамиледе болуп жүрдүңүз. Анан сиздин жеке кийлигишүүңүз менен Кыргызстанга эл аралык масштабдагы аферист Мельникофф кирип келген. Эми өзүңүз эле айтып коюңузчу, ошол аферистти алып келүү менен канчалык суммага капчыгыңыз калыңдады эле? Азыр деле сиздин Бакиевдердин үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта экендигиңизди билебиз. Сизди Ала-Тоо аянтында 100гө чукул бейкүнөө жигиттердин өмүрү кыйылганы, миңге чукул мекендештердин майып болуп калганы ойлондурбайбы? Бул үчүн өзүңүздү да күнөөлүү сезбейсизби? Баса, 2010-жылдын апрель окуясы маалында Максим Бакиев менен Оксана Малеваная сиздин үйдө башпаанек кылышканы тууралуу да маалымат бар.

Эгер сыр болбосо, канча күн аларды бапестеп бактыңыз эле? Ошондо да да аларга өз элине ок чыгаруу туура эмес болгонун неге ачык айта албадыңыз экен? Эгерде сиз чындыкты гана тутунган адам болсоңуз, анда элиңиздин башына оор мүшкүл түшүп турганда чыркырабайт белеңиз?

 

Партияңыз менен гезитиңизди сатып канча байлык топтодуңуз?

Убагында сиз өзүңүздүн «Республика» партияңызды Өмүрбек Бабановго сатканыңызды билебиз. Бирок, канча акчага сатканыңыз азырынча табышмак. Анан дагы ал партияңыз сиздин өзүңүзгө эмес, жарандык күйөөңүз Гиязга (Гельман) катталганын, андан Бабановго өткөнүн да айта кетели. Ал эми Гияз мырзанын Максим Бакиевдин «апчеркаларынын» бири болгонун да билебиз. Эми суроо – ошол жарандык күйөөңүз дагы деле Максимчиктин алдында кызмат өтөп атабы? Өтөп аткан болсо, эмне кызмат кылып атат?  Дагы деле ысык «сүйүүңүздөр» муздай элекпи? Анан дагы Бабанов партияңызды сатып алып жатканда убада кылган акчанын бир бөлүгүн бербей сизди аябай бейпайга салды деп угабыз. Ошонун эсесин чыгарыш үчүн Бабановду маалымат булактары аркылуу согуп атканыңыз чынбы? Дагы бир биз үчүн кызыктуу суроо?  Сиңдиңиз Бермет Букашеваны алдоо менен «Лица» аттуу гезитиңизди канча каражатка саттыңыз эле, же Максим Бакиевге жөн эле белек кылып койдуңуз беле?

 

Азырынча…

Сизге бере турган суроолорубуз өтө эле көп. Эгерде Кыргызстанга келип, бир маалымат жыйынын өткөрсөңүз, суроолордун алдында калат элеңиз. Бирок, сиз азыр келе албайсыз. Себеби, элдин каарынан, мыйзам жоопкерчилигинен коркосуз. Ошондон улам океандын ары жагына жатып алып, элди азыркы бийликке каршы койгуңуз келет. Эгерде сиз патриот болсоңуз, келбейсизби дагы, айтып аткан ойлоруңузду ушул жерден айтпайсызбы? Азыр сиздердин доор жүрүп турган Бакиевдин маалындагыдай куугунтук, буйрутма өлүмгө кабылтуу деген көрүнүштөр жок. Андыктан өз көлөкөңүздөн коркпой, океандын ары жагына жашынбай ачыкка чыксаңыз, Замира айым?

Мурат Мусакеев