Домой Маек Замира Сыдыкова: Мен Өмүрбек Бабановду сотко берейин дегем, бирок…

Замира Сыдыкова: Мен Өмүрбек Бабановду сотко берейин дегем, бирок…

2146

Замира Сыдыкова

“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова менен маек.

— Замира эже, жакында сизге карата айтылган сындардын кайсынысы менен макул эмессиз?

— Кепти башынан баштаганыбыз оң болор. Биринчиден, мен Аскар Акаевдин командасында болгон эмесмин. Болгону 91-жылы майдын этегинде Ноокатка шайлоочулары менен жолугушканы барганда Эсенбай Нурушев экөөбүз коштоп барганбыз. Эсенбай “Кыргыз Туусунда” редактордун орун басары, мен “Комсомолец Киргизии” деген гезиттин редакторунун орун басары болчумун. Силердин гезит ошону айтып жатса керек. Кийин “ResPublica“ гезитин ачтым, анда чоң форматта чыкчубуз. Эсенбай да Мелис Эшимкановдун гезитинде Акаев бизди демократияга эмес, бандократияга алып барганы калды деп жазды. Бул жерде мен калдым. Көргүлүктү мен көрдүм, гезитими жаптырып, түрмөгө салышты, корректорума чейин айып пулга жыгышты. Нарын менен Эсенбайдан сурагылачы, алар биз тарта турган азапты да сен тарттың, биз үчүн да сен мүшкүлгө түштүң деп азырга чейин айтып жүрүшөт.

Экинчиден, мени Бабановго гезитин сатты деген кеп туура эмес.  Мен аны өмүрүмдө бир сапар гана көргөмүн. Ал “Республика” партиясын түзгөндө менин гезитимдин атын уурдап алды деп сотко берейин дегемин. Бирок сотко бере албайт экем. Аныкы “Республика” саясий партиясы деп жазылат экен. А биздин гезит “ResPublica” деп англисче жазылат.

Үчүнчүдөн, мени Данияр Үсөнов, Максим Бакиев, Оксана Малеваная менен “көгөндөш” кылып көрсөтүптүр ал макалада. Үсөнов 2009-жылы президенттик администрациянын жетекчиси болуп келгенде биринчи эле мени чакырды. Келсем, биз сени жумуштан алып жатабыз деди. Эмнеге десем, үч жыл иштедиңби, болду жетет, башкаларга орун бошот деди. Максимди болсо революциянын алдында көргөм. Ал Назаралиевдин борборуна барчу, биздин редакциябызга бир сапар балдары менен келип гезитибизден алып кетишкен. Жалал-Абадга жана башка жерлерге таратышкан. Бул 2005-жылдагы революциянын алдындагы болгон окуялар.

Туура, Оксана Малеванаяны жакшы билген жагым бар. Ошондо ал “Пирамиданын” жетекчиси болчу. Мени түрмөгө камашканда чоң репортаж жасаган. Кичинекей балдарды энесиз калтырды деп мени балам менен телеге тарткан. Ошондон улам ага жүрөгүм жылып калган. Кийин анын даражасы жогорулап кеткенде жолугайын деп кабыл алуусуна кире алган эмесмин.

Эсиңерде болсо, Бакиевдин заманында беш жыл иштесем, беш жолу мени жумуштан алганга аракет жасашты. Азыр деле Бакиевдердин үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта деген да туура эмес. Алар менен эч кандай байланышым жок. Минскиге эч качан барган эмесмин. Жакында эле Бакиевдин китеби чыкпадыбы, ошого рецензия жазгам, гезитте бар. Анда Бакиев менен макул болбогон жерлерим бар.

Менин элчи болуп калганым Бакиевдер менен жакшы ымалада болгонум үчүн эмес, ошол режимге ушундай бир “пиар ход” керек болгон. Акаев менен күрөшкөн кишилерге наам, сыйлык беришти, Рина Приживойтту элчи кылышты, ошолордун арасында мени да АКШга жиберишти.

— Бирок кандай болгон күндө да сиз Бакиевдин учурунда үнүңүз чыкпай, коомдогу олуттуу көйгөйлөргө үн кошпой калганыңыз кашкайган чындык да? 

— Эгер орусча айтсак, бу “абсолютно глупый вопрос”.

— Чындыкты анчалык четке какпаңыз да, эл муну эң сонун билет…

— Элчи болуп иштеп туруп, журналист боло албайсың. Бизде эмес, ошол эле АКШда, мисалы, кайсы бир өлкөдөгү элчиси ички турмуштун маселелери боюнча өкмөттүн саясатына каяша айтып, бирдеме жазып көрсүнчү, аны дароо элчиликтен чакыртып алат. Бу ким бирөөнүн жеке пикирин сыйлабагандык, же силер ойлогондой, сөз эркиндигин ооздуктоо эмес. Элчинин бардык иши дипломатиянын эрежелери менен аныкталат. Ар бир кызматтын өзүнчө чөйрөсү, рамкасы бар.  Кайсы бир маселелер боюнча өз өкмөтүң жүргүзүп жаткан иштерге макул болбосоң, анда аны гезитке жарыялап, радиодон же теледен сүйлөп айтканга элчинин укугу жок. Мындай нонсенс болот. Мен өз пикиримди жекече жолугушуулар учурунда бийлик өкүлдөрүнөн эч качан жашырган эмесмин.

— Азыркы бийликке кандай карайсыз?

— Бийликке дагы деле оппозициямын. Ошон үчүн мени каралаган макалаларды чыгарып атышат да. Бийликке көшөкөрлөнүп, кызматка көтөрүлгүсү келген, алардын айдактоосу менен иш кылган журналисттер азыр деле азайган жок.  Бизде, эгер ачыгын айтсам, сөз эркиндиги үчүн үркөрдөй эле кишилер күрөштү. Ошол Акаевдин тушунда эле андайлар ашып барса он чакты киши элек, кийин андан да азайып кетти. Азыркы журналисттердин көбү жөн гана элдин шары менен, даяр нерсеге келгендер деп айтат элем.  Илгери бир жазуучу айткан экен: журналистика деген тозоктун казанындай нерсе, андан колдогон периштең — абийириң болсо гана аман чыгасың, болбосо өздөрүн кудай сезген кемпайларга жем болосуң деп.   Мен ошол абийиримди качан болсун жоготкум келбейт. Мага ушу кымбат.

Суроо салган Назгүл Осмонова