Өкмөттүк жыйында Темир Сариев Салык кызматынын башчысы Замир Осмоновго айтып жатат.
— Замир мырза, салык маселесинде мындай кризис учурунда өкмөт кичи бизнес өкүлдөрү, шоопурлар жана жөнөкөй элди эсинен чыгарбашы керек. Бирок, биздин мамлекетте пенсионерлер, студенттер да бар да — деп бир аз ойлонуп калат…
Анда Осмонов ойлонбой туруп:
-Туптуура айтасыз, урматтуу Темир Аргенбаевич, алар үчүн да салыктын бир түрүн ойлоп табыш керек, — дептир.