Домой Коом “Замандашка” түндүк — түштүктүн лөктөрү кирди

“Замандашка” түндүк — түштүктүн лөктөрү кирди

786

Мекен үчүн, кыргыз эли үчүн күйүп-бышып, алгылыктуу аракеттерди көргөн саясый партиялардын ана башында айтылуу “Замандаш” партиясы турарын эч ким деле четке кага албайт. Себеби, бул партия басып өткөн жолунда тарыхта кала турган далай таасын иштерди жасады. Башкасын айтпаганда да чет мамлекеттердеги  мекендеш мигранттарыбыздын укугун коргоп, алар үчүн опол-тоодой эмгек сиӊирди. Ошондой эле экономика, айыл-чарба, саясатта да омоктуу ойлору, алгылыктуу аракеттери менен жалпы коомчулуктун купулуна толуп келет.  “Замандаштын” мына ушул багытын жогору баалашкан Кыргызстандын түндүк-түштүгүнөн чыккан саясатта оор салмактары бар бир топ саясатчылар дал ушул партияны тандап алышып, парламенттик шайлоодо  желегин желбиреткени турушат. Кудай буюрса, бул маселе боюнча аз күндө “Замандашчылар” коомчулукка өздөрү  саясый  билдирүүлөр менен чыгары күтүлүүдө. Ошондо бул партияны тандаган таанымал саясатчыларды көрүп, өзүӊүздөр баа бересиздер…

Булак: Багыт