«Замандаш» партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышып жатат.
Шайлоочулар менен болгон жолугушууларда Ж.Молдокматов учурда Сооронбай Жээнбековдун айланасында 10дон ашуун саясий партиялар жана 50дөн ашуун коомдук уюмдар бириккенин маалымдады.
«Биз эмне себептен Сооронбай Шариповичти колдоону чечтик? Ал эмнеси менен башка талапкерлерден айырмаланып турат? Сооронбай Шариповичтин үч касиетин айткым келет. Биринчи бул – ак. Экинчиси – алдабайт, айткан сөзүнө жооп берет. Үчүнчүдөн – иштерман. Баш көтөрбөй иштей берет. Натыйжада экономикада, бардык тармактарда өнүгүү болду. Дагы бир нерсе, Сооронбай Шарипович менен жөнөкөй эле, кеӊ-кесири сүйлөшүп жатабыз. Мисалы, айылдагы эле жөп-жөнөкөй тирилик жөнүндө. Мындай сүйлөшүүлөр башкалар менен болушу мүмкүн эмес», — дейт Ж.Молдокматов.
Ошондой эле ал түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлунүүчүлүккө жол бербестен, бул сөздөргө чекит коюш керектигин айтты: «Мындай сөздөр жүрөктү оорутуп бүттү. Биз баарыбыз бир элбиз – кыргызбыз», — деди Молдокматов.
Даярдоочу: Сапаров К.С.
«Айбат Аймак» КФ
Бишкек ш., Токтогул к. 196
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.09.2017 ж.