Эненин ыйыктыгын даңазалаган «Замандаш» партиясынын лидери Жеңишбек Молдакматов энеси тууралуу төмөнкүдөй билдирүү калтырган:
«Энекемдин эң чоң жетишкендиги баарыбызды жогорку билимдүү кылды. Ошол энемдин тарбиясынын арты менен дүйнөнүн баарын дебейм жарымын көрүп келдим. Чындыгын айтуу керек биздин алгачкы фундаментибиз жакшы курулган. Атам ыраматылык талапты өтө катуу койгон киши эле. Экинчи класста Манасты, Семетейди, Сейтекти,Жаныш-Байыш жана Каныбекти окугам. Атамдын талабы катуу эле. Бизде үч, төрт алуу деген жок болчу. Энемдин өзүнүн айтуусу боюнча бул дүйнөдө тапкан байлыктары балдары бизбиз. Бизди өтө кыйынчылык менен чоңойтту. Ошондуктан апам аман болуп бардыгыбыздын жакшылыктарыбызды көрсө экен деп тилек кылам. Андан кийинки менин максатым апамды ажылыкка алып баруу. Ак сүтүн толук актай албасам да, уулдук милдетимди аткарган болом деген ойдомун»- дейт Жеңишбек мырза.