«Замандаш» партиясы — элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан, тарыхы таза, өз багыты бар партия, — деди Жеңиш Молдокматов. — Мухтарбек Өмүракунов башында туруп, эл назарына алынган, калктын купулуна толгон. Ушундай партияны жетектеп кетүү, жетекчи катары партиянын кадырын көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Партияны жетектеп жатып бийик, төмөн баскычтарды басып жатканда, бул партия мага берилген аманат экенин эстен чыгарбадым. Биз «Замандашты» саясий аренага күчтүү партия катары көрсөтүүгө аракет кылып, ар кандай кырдаалга жараша партиянын көз карашын билдирип турдук».
Жеңиш Молдокматов партиянын жаңы, жаш лидери Аскарбек Өмүракуновго мындан ары да колдоо көрсөтүп турарын айтып, өзү саясаттан кетпей турганын, жаңы аянтчаларда ишин улантарын кошумчалады.
«Замандаш» партиясы чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген «Замандаш» ассоциациясынын негизинде 2007-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылдан тартып жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып келе жатат.
Партиянын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов 2011-жылы, 46 жашында кырсыктан улам көз жумган.
булак: azattyk.kg