26-июлда “Замандаш” партиясынын саясый кеңеши жыйынга чогулуп, президенттик шайлоо маселесин талкуулады. Аталган саясый уюмдун мүчөлөрү КСДП көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоо боюнча сунуштарын киргизип, көпчүлүк добуш менен президенттик шайлоодо анын талапкерлигин колдоо чечимине келди. Жыйынтыгында жамы журтка атайын билдирүү таратышты.
tadarise 10 mg. “Кыргызстанда алгачкы жолу реалдуу альтернативалуу негизде мамлекет башчысы — Президент шайланат. Алдыдагы шайлоонун натыйжасынан көп нерсе көзкаранды. Бир катар талапкелер Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтө элек жатып Кыргызстанга президенттик башкаруу артыкчылыктуу деп жар салышты жана ошондон улам шайлоодон кийин алар мурдагы бийлик системасын алып келүү үчүн конституциялык реформа менен алектенишмекчи. Ошону менен катар эле, бир катар талапкерлер, эгерде шайлоо натыйжалары алар күткөндөй болбой калса кескин чараларга бара тургандыгын билдиришкен, албетте бул биринчи кезекте шайлоочуларды жана мамлекеттик тиешелүү органдарды ойлонтпой койбойт. Өлкө өз билемдиктен, жоопкерсиздикте тажап бүттү. Коомдун жоопкерчиликтүү бөлүгү реалдуу, мыкты иштеген парламенттик демократияны түзүүгө даяр, мындайлар арабызды арбын эле. Өлкөгө коомдогу туруктуулукту сактап турууну каалаган, ага жигери жеткен, апрель революциясынан кийинки тандалып алынган багытты уланткан, Кыргызстандын экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн бардык саясый жана коомдук уюмдарды бириктирүүгө кудурети жеткен мамлекет башчы керек”, — деп айтылат аталган билдирүүдө.
Ошондой эле “Замандаш” саясый партиясы өзүнүн бардык мүчөөлөрүн жана колдоочуларын Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоого чакырат. “Мамлекет эл аралык аренада мамлекеттин таламын коргой алган, бирөөнүн алдына чөгөлөбөстөн сүйлөшүүлөрдү теңата жүргүзө билген лидерге мажбур. Дүйнө озгон арымда өнүгүүдө, демек, биздин өлкөгө регион менен өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнүн келечегин кеңири түшүнгөн жаңы лидер керек.Кыргызстан парламенттик мамлекет болууга тандап алган багытты колдоонуу, жооптуу кызматтарда топтогон тажрыйбасын эске алуу менен, алдыга коюлган маселелерге жана көтөрүлгөн көйгөйлөргө олуттуу көңүл буруу туурасындагы демилгесин колдоп Замандаш партиясы алдыдагы президенттик шайлоодо Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдойт. “Замандаш” партиясы азыркы Премьер-министр бардык талапкерлердин ичинен эң татыктуусу жана өлкөнү, жашоочуларын кыйла өнүккөн мамлекетке алып бара турган адам деп эсептейт. Замандаш партиясы өзүнүн бардык мүчөөлөрүн жана колдоочуларын Жээнбеков Сооранбайдын талапкерлигин колдоого чакырат”, — делет партиянын билдирүүсүндѳ.