Домой Саясат Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

224

Заир Чокоев Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Чокоев финансы министринин орун басары — Борбордук казыналыктын директору болуп иштеп келген.

Ал 2007-2014-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары, 2010-жылы төраганын милдетин аткаруучу кызматын аркалаган.