Домой Экономика Ысык-Көлгө акылдуу шаар курулат. Бийлик Корея өкмөтү менен сүйлөшүп жатат

Ысык-Көлгө акылдуу шаар курулат. Бийлик Корея өкмөтү менен сүйлөшүп жатат

54
Ысык-Көл облусунун аймагына акылдуу шаар (Smart city Issyk-Kul) курулат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Аталган шаардын жайгашчу жерин аныктоо жана керектүү маалыматтарды чогултуу үчүн кореялык «Хан-А» консорциумунун вице-президенти Мин Бымсик Кыргызстанга келген.
Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министрлигинин, Чет өлкөлөрдөгү инфраструктураларды, шаарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациянын жана «Хан-А» консорциумунун өкүлдөрү менен жолуккан.
«Доолбоор глобалдык кызматташтык аркылуу акылдуу шаарларды өнүктүрүүгө багытталган K-City Network программасынын алкагында гранттык негизде ишке ашырылат. Аны үчүн Корея өкмөтү тарабынан дүйнөдөгү акылдуу шаарларды куруу долбоорлорун иштеп чыгууда консультациялык кызматтарды көрсөткөн «Хан-А» консорциуму тартылган. Жолугушууда акылдуу шаардын мастер-планын түзүү, инфраструктуралык чечимдер жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.
Консорциумдун вице-президенти Мин Бымсик Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине Ысык-Көлдө курулчу акылдуу шаардын болжолдуу мастер-планы менен тааныштырган.
Жыйынтыгында тараптар дагы да тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы бул «Асман» шаарынан башка долбоор болорун белгиледи.