Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын 20-марттагы отурумунда кабыл алынды.
“Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу коркунучун азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек” деп билдирди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.
Штабдын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери бар.
Кыргызстандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.
Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын (үчөө Сузакта, үчөө Ноокатта) баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду.
Сузакта жана Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. Ошто 20-марттан тартып коомдук транспорт токтомой болду.
Булак: Азаттык