Домой Коом Ысык Көлдө күндүзгү стационарлар даярдалууда

Ысык Көлдө күндүзгү стационарлар даярдалууда

130

Чолпон-Ата шаарында күндүзгү стационар үчүн үч чатыр тигилди. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан үч чатырда 15 бейтап үчүн орун даярдалды. Мындан тышкары, райондун акими Данир Иманалиев билдиргендей, эс алуучу жайларда да өзүнчө изоляторлор даярдалды.

«Жалпы район боюнча ар бир пансионат, санаторий жана эс алуу жайында бештен 40ка чейин бейтапты кабыл алууга жарай турган изоляторлор даярдалды. Жалпысынан район боюнча 935 адамга эсептелген изолятор бар. Мындан сырткары, Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» балдар лагеринде 80 орун даяр турат», — деди ал.

Акимдин айтымында, азыр райондо 33 адам пневмониядан, төрт адам коронавирустан дарыланып жатат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал азыр туруктуу, бирок курчуп кетиши ыктымал экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин коронавирус 7691 адамдан табылды (алардын 221и Ысык-Көл облусунда). Оору жугузуп алгандардын 92си кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Ысык-Көл облусу — Кыргызстанда жайкысын эс алуучулар эң көп каттаган аймак.

Булак: Азаттык