Домой Коом Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды

103

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда прокуратура органдарына арыз менен 35 жаштагы У.У. кайрылып, Ысык-Көл райондук сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган арыз Ысык-Көл райондук прокуратурасынын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык жосуну) белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

“16-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Шектүү адам, Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу Бостери айылынын А.Э. болуп чыгып, ага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде көрсөтүлгөн  (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилди.

Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген”, – деп айтылат маалыматта.