Ысык-Көл облусунда 13 жаштагы кыз айылдашы тарабынан зордукталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын май айында катталган. Окуя Түп районундагы айылдардын биринде болгон.
«Анда окуучу кызды зордуктаганга шектүү катары 40 жаштагы айылдашы кармалган. Учурда ал камакка алынып тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуучу кыз мектепте окуп жатат», — деди милициядан.
Булак: Супер