Ысык-Көл облусу уникалдуу. Ажайып кооз тоолуу ландшафты, жайкысын салкын, кышкысын жылуу аба ырайы өкүм сүргөн уникалдуу микроклиматы жана эң негизгиси суусу туптунук көл. Мунун баары Кыргызстандан гана эмес, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген туристтерди азгырып турат. Бирок, көлдүн экологиясы кандай болуп жатат? Бул суроого жооп издеп, биз адис экологдорго кайрылууну чечтик.
Эколог Дмитрий Ветошкин көлдү сактап калуу үчүн эмне кылуу керектигин баяндап берди.
«Туздуу сууда органикалык булгоочу заттар өсө албайт, ал эми ичүүгө жарактуу көлдүн ички бай флора менен фаунасы бар, булар булганыч заттарды кайтадан иштетип турат. Бул жагынан алганда Ысык-Көл өзгөчө жай, себеби ал абдан деле туздуу эмес, бирок ошол эле мезгилде ичүүгө да анчалык деле жараксыз. Көлдүн микрофлорасы менен зоопланктону өтө жакыр, себеби көл кыйла жаш. Суунун тунуктугу көл жээгиндеги өсүмдүктөр жана ойдуңдан көлгө агып келген булганыч заттарды толугу менен иштетип, тазалап туруучу микрозаттарга толгон саздар да арбын», — дейт серепчи.
Бирок, коркунучтуу бир көйгөй бар – көл жээгине тамдар курулуп, ал жактагы саздар кургатылып, жээкте өскөн өсүмдүктөр кыйылууда. Булгануудан эптеп сактап калуучу фактор — суу жээгиндеги кум болууда, бирок ал булганууну көпкө тазалай албагандыктан, эртели-кечтир сууга зыян заттар кирип кетүүдө.
«Азыр көлдүн түбүндө булганыч тунма пайда болуп, кышкысын да суу айрым жерлерде тунук эмес болуп жатканын байкаса болот. Көлдү табигый жол менен тазалап туруу ыкмасы бузулду. Заманбап шаймандар экосистеманын тең салмактуу механизминин ордун толуктай албайт», — дейт Ветошкин. Мындан тышкары, Ысык-Көл үчүн суу-мото унаасы жана жууп-тазалоочу заттар абдан зыяндуу.
«Баардык заттар — жууп-тазалоочу, ар түрдүү химия, мунай, пестициддер, айыл-чарба химиясы Ысык-Көл ойдуңуна келип түшуп, жаандын суусу менен агып барып көлгө түшөт. Суу толгон чыныны элестеткиле, андагы суу туптунук, бирок чынынын ичи кир. Мына ошол жаандын суусу менен агып барган кирдин баары чыныдагы суга агып түшөт. Таштандыга бөгөт болуучу нерсе – көл жээгинде өскөн тал чыбык. Маселен, Ананьево айылында көл жээгине баруу мүмкүн эмес, себеби анда тал чыбык жыш өскөн. Ысык-Көлгө эс алуу жайларын кура баштаганга чейин анын жээги мына ушундай тал чыбыкка жыш толгон эле. Азыр болсо, пансионаттар трактор менен суу жээгин бир сыйра казып чыгып, тал чыбыктын өсүүсүнө тоскоол кылат», — дейт серепчи.
Алар иштеген күнү да тал чыбыксыз көлдүн суусун тунук кылуу мүмкүн эмес. Ал үчүн талды кайтадан отургузуп, саздарды калыбына келтирип, Ысык-Көл облусунда тиричилик химиясын пайдаланууну көзөмөлгө алуу талап. Мына ушинтип, табигатка аяр мамиле жасай баштаганда гана Кыргызстандын сыймыгы болгон бермет көлүн сактап калабыз. Арийне, адамдар “Кумтөр” сыяктуу ишканалардын аракетин токтотуу тууралуу маселени көтөрөт. Бирок, чанда гана ким көлгө болгон кайдыгер мамиле жөнүндө сөз козгоп, сууга ыргытылып жаткан тонналаган таштанды, тал жана саздарды жок кылуу, суудагы браконьерлердин торлору да көлдүн экосистемасына зор зыян келтирип жатканын айткылары келбейт. Учурда тоо-кен ишканасын иштетүү же калк тарабынан ар түрдүү жолдор менен көлдүн булгануусу, бул эки көрүнүштүн кайсынысы эң жаман экенин эч ким айта албайт.
Серепчи Шамиль Ильясовдун айтымында, көлдүн экосистемасына эмне зыяныраак экенин далилдеген изилдөөлөр азырынча жок.
«Бул суроого азырынча жооп жок. Көлдүн экосистемасына “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү же көлдүн өзүнүн булганышы зыян келтирип жатканын аныктоо үчүн изилдөө керек, а бул абдан татаал маселе. Кыргызстанда таяна тургандай изилдөөлөр жок. Бул тууралуу эмоция менен, далилсиз гана сөз кылса болот. Мындай жагдай Кыргызстанда гана эмес, коңшу казактар менен өзбектерде да бар. Азырынча биз субүективдүү ченемдер менен гана иштеп келебиз, экологияны булгагандарга жаза пул салынып турат, бирок ал жаза пул да субүективдүү, себеби далил жок», — дейт Ильясов.
Өлкөнүн беделдүү экологдору “Кумтөрдү” иштетүү өлкө дарыялары жана Ысык-Көлдүн абалына таасир тийгизбейт деп далай айтып келген эле, себеби ага суу агып кирбейт жана агып чыкпайт, бирок буга карабастан айрым кыргызстандыктар ишкананы көлдү булгап жатат деп күнөөлөп келип, адам өзү баш болуп көлдү булгануудан сактап калчу нерселерди бузуп, көл жээгинде тазалоочу шаймандардын жоктугу көл экологиясына эбегейсиз зыян келтирип жатканын унутуп калууда. Ошондуктан ой жүгүртүп, Кыргызстандын берметине аяр мамиле жасоо керектир?
Жумагүл Барктабасова