«Жергиликтүү бийликтин суранычына карабай, айрым тургундар башка айылдарга баруусун, райондон районго каттоосун токтотпой жатат. Эми бүгүнкү күндөн тарта чектөө киргизилет. Бул чаралар элдин саламаттыгына кам көрүү болуп эсептелет»,- деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү.
Ошондой эле ар бир айылдын чыга беришинде посттор уюштурулуп, жергиликтүү бийлик, милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турат.
Айылдарга, районго кирүү же чыгуу жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жалпысынан 15 жерге блок-посттор коюлду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты.
24-марттагы эртең мененки расмий маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 вирусун алып жүргөн 16 жаран бар. Алардын сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен райондорунда, экөө Бишкек шаарында катталган. Жаңы коронавирус жуккан 16 кишинин жетөө — эркек, тогузу — аял.