Домой Саясат Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

80

Медеров Самат Кыдырмышевич Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башчысы болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Буга чейин бул кызматты Алдаярбек Тойгоналиев аркалап келген. Ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу боюнча кызматтан кеткен.

Жаңы жетекчини облус башчысы Элчибек Жантаев Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кызматкерлерине тааныштырды.

Өмүр баяны:

Медеров Самат Кыдырмышевич 1976-жылы 27-июнда туулган.

 

Билими:

1994-1998-жылдары Москва ишкердик жана укук институтунун Караколдогу филиалын бүтүргөн. Адистиги: Бухгалтердик эсеп жана аудит;

2007-2009-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Адистиги: Юриспруденция.

Кошумча билим:

— 2009-жылы Египеттен (Киар шаары) квалификацияны жогорулатуу курстары;

— 2012-жылы Россиядан (Москва шаары) квалификацияны жогорулатуу курстары;

— 2014-жылы Кытайдан (Сямынь шаары) квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн.

Эмгек жолу:

— 1994-1999-жылдары Ысык-Көл керектөөчүлөр коомунун бухгалтери;

— 2000-жылы Кооператор пансионатынын башкы эсепчиси;

— 2000-2001-жылдары Салык кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча салык инспектору;

— 2001-2004-жылдары Ысык-Көл райондук каржы башкармалыгынын башкы адиси;

— 2004-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;

— 2011-2012-жылдары УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери;

— 2012-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;

— 2021-жылдын январынан тартып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу дирекциясынын директорунун орун басары.

Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.