Домой Коом «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Новосибирск шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Новосибирск шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.

102

8-декабрда «S-7» авиакомпаниясынын Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамы келди.

Каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

Бул каттам менен 7 жаш баланы кошкондо 169 жүргүнчү учуп келди.

Аэропорт чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине чектөөлөрдүн алынып, туристтик сезонду жандандыруу аракети көрүлүүдө. Пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөө, ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүп жатканын кабарлады.