Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Ооган согушунда каза болгон жоокерлердин урматына тургузулган эстеликти талкалап кетишти.
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенбол Буйляшевдин айтымында, эстеликти талкалап кеткендер азырынча табыла элек.
«Жакында эле Ооган согушунда каза болгон жоокерлердин урматына эстелик тургузганбыз. Аны талкалап кетишиптир. Бул ишти окуучулар жасады деп ойлоп жатабыз. Азырынча калыбына келтире элекпиз. Жакын арада сыныктарын жасатабыз», — деди ал.
turmush.kg