Домой Кырсык Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аял киши кармалды

Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аял киши кармалды

17

Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон.

Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Териштирүү учурунда маркум 34 жаштагы Х.И. экендиги такталган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматы жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал маркумдун жубайы 27 жаштагы М.Ф. экендиги белгилүү болду.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, окуя болгон күнү маркум мас болчу. Ал пикир келишпестиктен улам аялын сабап, уктаганы жаткан. Жубайы ачууланып, сарайдан балка алып, аны менен уктап жаткан күйөөсүнүн башына бир нече жолу урган. Андан кийин баласын алып, ата-энесине кетип калган. Балканы Чоң Чүй каналына ыргытып салган.

Тергөө уланууда.