Ысык-Ата районунда 13-декабрь күнү саат 14:36 чамасында Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан кашардан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метр. Бул туралуу ӨКМ билдирди
Өрттүн кесепетинен 25 жаштагы келин, төрт жашар кыз, 6 жана 3 жаштагы эки бала күйүп каза болушту. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки бала 1995-жылы туулган келиндин балдары болсо, бир жаш бала дос кызынын баласы болгон. Үй өрттөнүп баштаганда келин балдарды куткарам деп кирип, ал дагы каза болуп калган.
Өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 бөлүм, жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан 1 даана атайын өрт өчүрүү унаасы тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.