Бүгүн өткөн #Reакция 2.0 митингде Кожобек Рыспаев 300 миңге доого жыккан «Ачык саясат» гезитинин өкүлдөрү «Кожобекке бир сом» акциясын баштады. Митинге катышууучулар «Кожобекке бир сом» деген кутучага бир сомдон, жети сомдон салышты. ЖКнын депутаты Ырсыкелди Момбеков капчыгынан 1000 сом алып чыгып, кесиптешине арналган кутучага акча салды.
https://www.facebook.com/aibek.turdaaly/posts/10219232478354817
Буга чейин гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова:
— Гезит бул сумманы көтөрө албайт. Анткени биздин бюджетте мынча акча жок. Ошондуктан Рыспаевге 300 миң сомду төлөп бериш үчүн «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштуруп жатабыз, — деп билдирүү тараткан эле.
Депутат Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1405183476325646&id=100005020210138
Булак: Багыт