“Коопсуз шаар” долбоору бул конкретный проект эмес, коммерческий проект деп айткан элем, ошол чын чыкты. Мына бир жылга жетпеген убакытта 1 млрд сомдон ашык айыппул салынып, анын 580 миң сомдон ашыгы төлөндү. Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыздар азыр үч буттуу видеокамерадан коркуп калышты. Бишкектеги жол белгилеринин баары мыйзамда каралбаган, бизден токтомдо бекитилбегенин мага такисисттер айтып келишти. Өкмөт “Веганын” гана кызыкчылыгын коргоп жатат. Президент өткөндө адамдын жеке маалыматтары сакталыш керек деди. Бирок бизде адамдын жеке маалыматтары сакталбай, ачыкка чыгып кетип жатат да. Өткөндө Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов менен орун басары Айнура Туйбаеванын деп бир маалыматты чыгарып жиберишти. Кимдин каякка баратканын, кандай машина менен баратканын, алдында ким олтурганын, кимдин каякка колун салып баратканын эмнеге чыгарышат? Мен Алмаз Мамбетовдун ордунда болсом “Вега” компаниясын 100 млн сомго сотко бермекмин!”- деп билдирди бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков.
Булак: kyrgyztoday